Президент Баткенди өнүктүрүү долбоорлору менен таанышты

Президент 11 октябрь 2026 18:10
IMG_8719.jpeg
IMG_8720.jpeg
IMG_8723.jpeg
IMG_8722.jpeg
IMG_8721.jpeg
IMG_8724.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_8719.jpeg
IMG_8720.jpeg
IMG_8723.jpeg
IMG_8722.jpeg
IMG_8721.jpeg
IMG_8724.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 11.10.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-октябрда Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапарынын жүрүшүндө Баткен районунун жана Баткен шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн учурдагы көрсөткүчтөрү жана келечектүү долбоорлору менен таанышты.

Мамлекет башчысына Баткен районунун акими Данияр Иманалиев маалымат берип, курулуш тармагында жалпы наркы 1 млрд 380 млн сомду түзгөн 69 объект (анын ичинде 12 мектеп, 13 бала бакча, 6 спорт зал ж.б.) пайдаланууга берилгенин айтты. Ошондой эле 2021–2026-жылдары республикалык бюджеттин эсебинен жолдорго 191 чакырым асфальт төшөлүп, 11 айыл аймагында таза ичүүчү суу түтүктөрү тартылды. Мындан тышкары, алыскы Зардалы айылына электр жарыгы берилип, интернет байланышы камсыздалды жана узундугу 18 чакырымды түзгөн “Сары-Талаа – Кызыл-Таш – Зардалы” автожолу курулду. Ирригация тармагында да 73 чакырым каналдарды куруу жана реконструкциялоо иштери аткарылды.

Андан соң Баткен шаарынын мэри Сейтек Кулубаев шаарда 2021–2026-жылдары 148 жаңы ишкана ачылып, 686 жумуш орду түзүлгөнүн маалымдады. Бул мезгил аралыгында жалпы суммасы 2,057 млрд сомду түзгөн 16 объект (мектептер, спорт зал, административдик имараттар, чакан гидротүйүн жана асфальт-бетон заводу) курулду. 2026-жылы дагы бир катар көрктөндүрүү, бала аянтчаларын куруу жана инфратүзүмдүк долбоорлор жүргүзүлүүдө.

Презентациянын жыйынтыгында Садыр Жапаров Баткен району менен Баткен шаарынын актуалдуу маселелерин ырааттуу чечүү зарылдыгына көңүл буруп, колдо болгон ресурстарды натыйжалуу пайдалануунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.