Президент Барскоон – Бедел жолун куруу долбоорун баштап берди

Президент 1221 27 Август 2025 15:45
540009115_1322081999926431_6950013188682068477_n.jpg
539827558_1322081659926465_490966656683301955_n.jpg
539851459_1322082263259738_3567599883480229929_n.jpg
539899871_1322082183259746_4983443171059922466_n.jpg
539921957_1322081576593140_4392317917102445859_n.jpg
539945575_1322082369926394_3026177638421911458_n.jpg
539957692_1322081829926448_4523190033384667606_n.jpg
540014170_1322082236593074_7242051250638096519_n.jpg
540026899_1322081756593122_7545533448940944709_n.jpg
540108907_1322081519926479_6107939787627880292_n.jpg
540214455_1322081633259801_118074607189648459_n.jpg
540275289_1322082386593059_2081593740108223048_n.jpg
540378033_1322081873259777_4394653906797306115_n.jpg
540380365_1322082116593086_8351953108949315513_n.jpg
540445077_1322082059926425_3099198577525878529_n.jpg
540847157_1322081826593115_5777927806977273939_n.jpg
540877415_1322081706593127_1721319619404172957_n.jpg
540886804_1322082033259761_4969225377021953645_n.jpg
540893546_1322081539926477_8800831208493499941_n.jpg
540911456_1322081926593105_9108854404461641125_n.jpg
540951667_1322082146593083_4869464834351630927_n.jpg
540955229_1322081593259805_5728971624412389144_n.jpg
540958248_1322081713259793_6135299615907779907_n.jpg
540981811_1322082296593068_3378280148991221068_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 27.08.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-августта Ысык-Көл облусундагы Барскоон – Бедел унаа жолун өз каражаттарыбыздын эсебинен куруу долбоорун баштап берди.

Иш-чаранын алдында стратегиялык автомобиль жолунун долбоордук өзгөчөлүктөрү тууралуу видеоролик көрсөтүлдү.

Мамлекет башчысына унаа жол түндүктөн түштүккө карай Барскоон, Сөөк ашуулары, Кара-Сай өрөөнү жана Ашуу-Суу ашуусу аркылуу өтө турганы маалымдалды.

Сөөк ашуусу аркылуу жыл бою өтүүнү камсыз кылуу үчүн узундугу 5,5 км болгон туннель куруу пландаштырылууда. Кара-Сай аймагында эстакадалык көпүрө конструкциясы курулат. Ал эми кар көп жааган Ашуу-Суу ашуусунан өтүү үчүн узундугу 3,8 км болгон дагы бир туннель курулат.

Ири долбоорду ишке ашыруунун башталышына арналган салтанаттуу аземде Садыр Жапаров бул күн Кыргызстандын жаңы тарыхына маанилүү окуя катары кирерин баса белгиледи.

Ал жол салуу ар бир мамлекеттин өнүгүү багытын аныктай турган маанилүү тармак болуп саналарын белгилеп, Кыргызстан Улуу Жибек Жолунун маанилүү бөлүгү болгонун эске салды. Бүгүнкү күнү өлкө ошол тарыхый миссияны жаңы шартта улантып жатат.

“2023-жылы Сиань шаарында өткөн "Кытай – Борбор Азия" саммитинде Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугуп, "Бедел" долбоорун ишке ашыруу боюнча макулдашканбыз. Ошол күндөн тартып бул маселе менин жеке көзөмөлүмдө турат", - деди президент.

Ал кыска убакыттын ичинде көптөгөн кыйынчылыктарга жана долбоордун ишке ашарына күмөн санагандар болгонуна карабай, олуттуу иштер аткарылып, долбоор реалдуулукка айланганын белгиледи.

Садыр Жапаров архивдик документтерди келтирип, "Бедел" өткөрүү пунктун ачуу маселеси 1996-жылдан бери көтөрүлүп келгенин айтты. Бирок көп жылдар бою ар кандай себептерден улам ишке ашпай калган. Эгер бул жол ошол кезде курулуп калган болсо, өлкөбүз азыр өнүгүүнүн башка тепкичинде болмок.

“Бирок биз өткөн ишке өкүнүп отура бербей, маселени жандандырып, ишке ашырууга бекем кириштик. Барскоон – Бедел жолун өз күчүбүзгө таянып, өз каражатыбызга куруп жатканыбызды өзгөчө белгилеп кетейин. Мамлекетибиз өз беделине, экономикасына, мүмкүнчүлүгүнө таянып, ири долбоорлорду ишке ашырып жатат”, - деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Даярдык иштери тууралуу айткан президент көптөгөн сүйлөшүүлөр жүрүп, ар кандай каржылоо механизмдери сунушталганын белгиледи. Жыйынтыгында China Road and Bridge Corporation компаниясы менен кызматташуу чечими кабыл алынган.

Макулдашууларга ылайык компания жол куруу боюнча негизги иштерди 2029-жылдын сентябрына чейин бүтүрүп, транспорт каражаттары үчүн кенен жүрө тургандай кылып магистралды ачып берет. Калган иштерди 2030-жылдын сентябрына чейин толук аяктап, жолду расмий түрдө эксплуатацияга өткөрөт.

Андан кийин да "кепилдик мезгили" каралган. Анын алкагында кандайдыр бир кемчиликтер чыккан учурда компания оңдоо иштерин жүргүзөт.

Буга байланыштуу Садыр Жапаров "Чайна Роуд" өкүлдөрүнө кайрылып, аларга мамлекетибиз үчүн өтө маанилүү жана масштабы боюнча чоң долбоор ишеним артып тапшырылганын белгилеп, ишти таза, сапаттуу жана мөөнөтүндө бүткөрүүгө чакырды.

Мамлекет башчысы жолдун артыкчылыгы боюнча сандык маалыматтарга токтоло кетти. Кытайдын Ак-Суу шаарынан Кыргызстанга болгон каттам бир тарапка 500 чакырымга кыскарып, жүк ташуучулар үчүн, кеминде, 12 саат үнөмдөлөт.

Эки тараптуу кыймылды эсептегенде айырма 1000 чакырымдан ашып, убакыт 24 саатка чейин кыскарат. Логистикада убакыт да, аралык да – эң башкы чечүүчү факторлор. Кыргызстан бул жолдун курулушу аркылуу айкын артыкчылыктарга ээ болуп, жаңы шарттарды түзүүгө жетишет.

“Жакынкы убакта масштабдуу, ири "Бедел" көзөмөл-өткөрүү пунктунун курулушу башталат. Бул комплекстүү долбоор Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соода көлөмүн арттырат, эки өлкөнүн достугу менен ишенимин бекемдейт”, - деди Садыр Жапаров.

Ошентип, өлкөбүздө азыр Камбар-Ата-1 ГЭСи, Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу сыяктуу флагмандуу долбоорлор ишке ашырылууда. Барскоон – Бедел жолу дагы алардын катарында.

Долбоордун артыкчылыктарын баса белгилеп, Мамлекет башчысы тышкы дүйнө менен байланышты чыңдоону, улуттук экономиканын өсүшүн жана туристтик агымдын көбөйүшүн атады.

Ал ошондой эле 2030-жылга чейин Кыргызстанды өнүктүрүүнүн улуттук программасында артыкчылыктуу төрт багыттын бири – өлкөбүздү "регионалдык хабга" айлантуу маселеси болуп саналарын эске салды.

Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Лю Цзянпин да салтанатта сөз сүйлөдү. Ал бүгүнкү күндө өлкөлөр бир катар ири стратегиялык долбоорлорду ишке ашырып жатканын, алар келечекте товарлардын жүгүртүлүшүн тездетүүгө, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыктын көлөмүн бир кыйла көбөйтүүгө мүмкүндүк берерин баса белгиледи. Бул эки өлкөнүн элине бакубатчылык алып келет жана аймактык экономиканын өнүгүшүнө күчтүү түрткү берет.

Президент Садыр Жапаровдун сөзүнөн кийин транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев жардыруу иштерин жүргүзүүгө уруксат сурап, макулдук алгандан кийин унаа жолун курууга даярдык башталды.