Президент Балыкчыдагы капиталдык оңдоодон өткөн автобекетти көрүп чыкты

Президент 1671 06 Сентябрь 2025 12:35
542716225_1330553259079305_7445421109338778045_n.jpg
544920789_1330553252412639_8446800504051469122_n.jpg
542145570_1330553369079294_6109657993687030820_n.jpg
543092209_1330553569079274_5385976085134824363_n.jpg
543318393_1330553522412612_3672760224056445230_n.jpg
543374977_1330553192412645_3415538920477297386_n.jpg
543398110_1330553565745941_8348567604457865674_n.jpg
543456637_1330553132412651_4796102149964937751_n.jpg
544441807_1330553212412643_8770873279025871944_n.jpg
544593891_1330553562412608_4925756613876322061_n.jpg
544759585_1330553705745927_1092372993547787423_n.jpg
544785458_1330553052412659_8734535883188219171_n.jpg
544790642_1330553319079299_6107571271332023104_n.jpg
544878640_1330553499079281_1363932161850731936_n.jpg
544902247_1330553715745926_7728471491143004046_n.jpg
545006401_1330553099079321_8699415261639545462_n.jpg
545068460_1330553152412649_3232042176009322767_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 06.09.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Балыкчы шаарындагы капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийинки автобекетке кыдырып көрдү.

Автобекет 1970-жылдары курулган. Узак жылдар бою ал жеке менчикте болгон. 2025-жылдын апрель айында автовокзал Балыкчы шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына алынган.

Кийинчерээк аны толук реконструкциялоо башталган. Бардык бөлмөлөр оңдолуп-түзөлдү. Автобекете жүргүнчүлөр үчүн мейманкана жана кызматкерлер үчүн жатакана иштейт. Айланасы көрктөндүрүлгөн.

Мамлекет башчысы заманбап күтүү залын, айдоочулар жана тейлөө кызматкерлери үчүн бөлмөлөрдү, диспетчердик бөлүмдү көрүп чыкты.

Бул жерде Садыр Жапаров жергиликтүү тургундар менен баарлашып, алардын сунуш-пикирлерин, анын ичинде бала бакча, мечит жана башка социалдык объектилерди куруу маселелери боюнча кайрылууларын укту.

Андан ары Балыкчы шаарынын мэри Баатырбек Жантаев президент Садыр Жапаровго шаарды көрктөндүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып берди. Анын ичинде шаарга кире бериш арканы жаңылоо жана айланма жолдогу тыгындарды жоюу үчүн балык базарын көчүрүү бар. Бул максатта сатуучулар үчүн да, сатып алуучулар үчүн да ыңгайлуу шарттар түзүлгөн заманбап базар курулат.