Бишкек, 12.10.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгы жайгашкан 2024-аскер бөлүгүнүн жаңыланган аскердик комплексин ачуу иш-чарасына катышты.
Садыр Жапаров өз сөзүндө ушул тапта өлкөнүн мамлекеттик чек арасы инженердик-техникалык жактан бекемделип, анын ичинде кыргыз-тажик чек ара тилкеси атайын зым тосмолор менен тосулганын өзгөчө белгиледи.
Ал бул иштерди уюштуруп, жүзөгө ашырууга өзгөчө салым кошуп келген Мамлекеттик чек ара кызматынын, Коргоо министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана башка тиешелүү күч түзүмдөрүнүн өздүк курамына терең ыраазычылык билдирди.
“Мамлекеттик чек араны кайтарып, Мекен үчүн өтө жооптуу милдетти татыктуу аткарып келе жаткан ар бир аскер кызматчысынын эмгегин жогору баалап, аларды колдоо жана сыйлоо максатында 30 млн сом өлчөмүндө каражат бөлүп бердим. Бөлүнгөн каражат ар бир аскер кызматчысына тиешелүү тартипте толук жана адилеттүү жеткирилсин!”, - деп белгиледи мамлекет башчысы.