Президент Араван районунда Э. Кебекбаев атындагы мектепти ачты

Президент Жүктөлүүдө... 11 Апрель 2026 15:14
667706692_1524875659647063_313852088167721881_n.jpg
668484670_1524875882980374_3280124163665789904_n.jpg
668375881_1524875739647055_3768433542860651135_n.jpg
669284326_1524875459647083_3213709210957289362_n.jpg
668255676_1524875456313750_5660725425052966621_n.jpg
668824585_1524875829647046_8110561344173000157_n.jpg
668877182_1524875799647049_2535368509029263494_n.jpg
668978183_1524875952980367_3602295666112987076_n.jpg
669057693_1524875932980369_5214179032858322572_n.jpg
669539268_1524876006313695_4098305963661309127_n.jpg
669614811_1524875789647050_1189080269307395604_n.jpg
669647553_1524876072980355_3819854169542892944_n.jpg
669658384_1524875666313729_7704250270064293487_n.jpg
670233567_1524875842980378_6451677165992641104_n.jpg
670836534_1524875969647032_7183701012446503804_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 11.04.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Араван районунун Гүлбаар айылындагы №47 Эргеш Кебекбаев атындагы мектептин ачылыш аземине катышты.

Мурда окуу процесси 1980-жылы ашар ыкмасы менен курулган имаратта жүрүп келген. 2024-жылы Өзгөчө кырдаалдар министрлиги имаратты авариялык абалда деп тааныган. Ошол эле жылы капиталдык салымдардын эсебинен 150 орунга ылайыкталган жаңы мектептин курулушу каржыланган.

Инфраструктуранын жаңыланышынын аркасында мектептин долбоордук кубаттуулугу артып, бүгүнкү күндө анда 320 окуучу эки нөөмөт менен билим алат. Эки кабаттуу имаратта кабинеттери бар окуу блоктор, жыйындар залы, класстан тышкаркы иш-чаралар үчүн бөлмөлөр каралган.

Мамлекет башчысы окуу корпусун, ошондой эле балдардын чыгармачылык жана дене тарбиялык өнүгүүсүнө арналган жайларды көрүп чыкты.

Андан соң Садыр Жапаров мектептин педагогикалык жамааты менен баарлашып, билим берүү системасын өнүктүрүү жана мугалимдердин эмгек шарттары боюнча маселелерди талкуулады.

Алар өз кезегинде билим берүү тармагына көрсөтүлүп жаткан көңүл буруу үчүн ыраазычылык билдирип, окуу процессин мындан ары өркүндөтүү боюнча сунуштары менен бөлүшүштү.