Бишкек, 24.10.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Аксы районунун жашоочуларынын суроолоруна жооп берди.
Тургундар медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгү, мүлктүк жана соттук талаш-тартыштар, эмгек укуктарын коргоо, турак жай менен камсыздоо, инфраструктураны өнүктүрүү жана ишкердикти колдоо боюнча маселелерди көтөрүштү.
Президент укук коргоо органдарына жана прокуратурага жарандардын мүлктүк талаш-тартыштарга, мүмкүн болгон укук бузууларга жана иштеп тапкан акчалай каражаттардын төлөнбөй калышына байланыштуу кайрылууларын тыкыр изилдеп, аларды объективдүү кароону камсыз кылууну тапшырды. Айрым маселелер боюнча жарандарды кабыл алууну жана мыйзамдардын алкагында чараларды көрүүнү талап кылды.
Гидроэнергетиканы өнүктүрүүгө жана инвесторлорду колдоого өзгөчө көңүл бурулду. Мамлекет башчысы инвестициялык долбоорлорду, айрыкча жашыл энергетика тармагындагы долбоорлорду кароону создуктурбоону талап кылды. Ошондой эле тиешелүү ведомстволорго жана жергиликтүү бийлик органдарына жер жана турак жай маселелерин чечүү жолдорун иштеп чыгуу, билим берүү мекемелеринин курулушун аяктоону камсыз кылуу тапшырылды.
Президент Садыр Жапаров жарандардын кайрылуулары конкреттүү каралып, негизсиз кечиктирүүлөргө жол берилбеши керектигин белгиледи. Ошондой эле мамлекеттик органдар көтөрүлгөн көйгөйлөрдү чечүү үчүн конкреттүү чараларды көрүүгө милдеттүү экенин баса белгиледи. Мындан тышкары, инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга жана аймакты өнүктүрүүгө тоскоол болгон бюрократиялык тоскоолдуктарды жоюунун маанилүүлүгүн айтты