Бишкек, 12.10.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Баткен районунун жана Баткен шаарынын тургундары менен жолугушууда жарандардын көйгөйлөрүн кароодо милиция кызматкерлери менен соттор адилеттүү болуп, мыйзам чегинде жардам көрсөтүшү керектигин белгиледи.
Жолугушууда үч баласы менен оор кырдаалда калганын айткан аял үй-бүлөлүк жаңжалга жана мүлктү бөлүштүрүүгө байланыштуу маселесин президентке айтып берди.
Анын айтымында, ал жолдошу менен мыйзамдуу никеде болуп, үч баланы тарбиялап келишкен. Бирок, 2015-жылы күйөөсү башка аялга жашыруун үйлөнгөндөн кийин үй-бүлөдө чыр-чатактар күчөгөндүктөн ажырашканын айтты.
“2022-жылы ажырашуу жана мүлктү бөлүштүрүү боюнча Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотуна кайрылгам. Ошол учурда ал тараптан мага карата арыз жазылып, документтерди жасоо деп кылмыш жоопкерчилигине тарттырууга аракет кылган”,- деди жаран.
Ошондой эле аял сотто жеңилип калганын, учурда үч баласы менен оор абалда калганын айтты. Анын билдиришинче, мурдагы жолдошу экинчи аялы менен жашап келет.
Президент Садыр Жапаров бул жагдайга токтолуп, тиешелүү органдарды аялдын маселесин калыс карап, ага жардам берүүгө чакырды.
“Жолдошу үч баласын, аялын таштап, башка аялга үйлөнүп кетип, эч нерсе бербей, анын үстүнө кайын иниси арыз жазып жатканы кантип болсун? Бул кантип адилеттүүлүккө жатсын? Калыс карагыла да, бул айымга жардам бергиле. Өзүм да көзөмөлүмө алам. Тиешелүү тараптар айымды кабыл алып, толук жардам бергиле”, — деди мамлекет башчысы.
Президент ошондой эле жарандардын укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктары корголуп, мындай маселелерде адилеттүүлүк камсыздалышы керектигин баса белгиледи.
Эскерте кетсек, Садыр Жапаров 11-октябрда Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапарынын алкагында Баткен районунун жана Баткен шаарынын тургундары менен жолугушкан.