Бишкек, 26.03.25. /Кабар/. Португалиянын полициясы 6,5 тонна кокаин ташып бараткан кемени кармады. Бул тууралуу Интерфакс кабарлады.
Маалыматка караганда, Европага сапар тарткан кеме Атлантика океанында токтотулуп, беш адам колго түшүрүлгөн. Полиция алар эл аралык кылмыштуу уюмдун мүчөлөрү экендигин айтты.
Полициянын кармоо операциясына башка күч түзүмдөрү да жардам берген. Ошондой эле Испаниянын Жарандык гвардиясы, АКШнын Баңгизаттарга каршы күрөшүү боюнча башкармалыгы жана Улуу Британия бийлиги да көмөктөшкөн.
Операция жакында эле болгону, бирок кайсы күнү жүргүзүлгөнү так айтылган жок.