Португалия Испанияны Улуттар лигасында утуп, жеңүүчү болду

Спорт 09 Июнь 2025 10:10
WhatsApp Image 2025-06-09 at 10.08.47.jpeg
WhatsApp Image 2025-06-09 at 09.57.27.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-06-09 at 10.08.47.jpeg
WhatsApp Image 2025-06-09 at 09.57.27.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 09.06.25. /Кабар/. Германияда УЕФАнын Улуттар лигасынынын финалы жыйынтыкталып, Португалия менен Испаниянын футбол боюнча курамалары беттешти. Оюн Мюнхендеги “Мюнхен аренасы” стадионунда өттү. Аны Сандро Шерер башында турган калыстар тобу тейледи.

Португалиянын курамасы 2:2 эсебинде, пенальтиде 5:3 менен жеңишти камсыздап, Улуттар лигасынын жеңүүсү аталды.

Испаниянын курамасында Мартин Субименди менен Микель Оярсабаль өзгөчөлөндү. Португалиядан Нуну Мендеш менен Криштиану Роналду гол киргизди. Пенальтилер сериясында испаниялыктардан Альваро Мората топту дарбазага киргизе албай калды.

Белгилей кетсек, Португалиянын курамасы бул турнирде экинчи ирет утуп жатат. Алар 2019-жылы Нидерланддарды 1:0 эсебинде жеңген.

УЕФАнын Улуттар лигасынын буга чейинки турниринде Испаниянын курамасы жеңишке жеткен. Финалда алар Хорватиянын командасын 0:0 эсебинде, пенальтиде 5:4 менен уткан болчу.