Porsche дагы 5 миңге жакын жумуш ордун кыскартат

Дүйнө Жүктөлүүдө... 28 Июль 2026 09:00
9591d170-42ac-4428-9c96-162900581674.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 28.07.26 /Кабар/. Германиянын белгилүү авто өндүрүүчүсү Porsche жакынкы жылдары дагы 5 миңге жакын жумуш ордун кыскартууну пландап жатат. Буга чейин компания 3,9 миң кызматкерди кыскартарын жарыялаган болсо, эми анын туунду ишканаларындагы дагы 500дөй бош кызмат орду жоюлат. Бул тууралуу BILD басылмасына таянып, Казинформ жазды.

Ошол эле учурда компания Штутгарттагы Цуффенхаузен заводунун жана Вайсахтагы изилдөө борборунун кызматкерлери үчүн жумуш орундарын сактоо кепилдигин 2035-жылдын аягына чейин узартты. Porsche массалык түрдө кызматкерлерди иштен бошотпой турганын белгилеп, штат негизинен бош орундарды толтурбоо, кызматкерлерди мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыгаруу жана өз ыктыяры менен жумуштан кетүү боюнча макулдашуулар аркылуу кыскартыларын маалымдады.

Маалыматка ылайык, жумуш орундарын сактап калуу үчүн кызматкерлер айрым жеңилдиктерден баш тартууга аргасыз болушат. Атап айтканда, 2035-жылга чейин айлык акыны жогорулатуу жарым-жартылай токтотулат, жыл соңунда берилүүчү сый акылар кыскартылат, ал эми бонустар компаниянын финансылык көрсөткүчтөрүнө көз каранды болот. Ошондой эле аралыктан иштөө мүмкүнчүлүгү айына 12 күндөн эң көп дегенде 8 күнгө чейин азайтылат.

Экономикалык чараларга компаниянын Кытайдагы сатуунун төмөндөшү, АКШнын импорттук бажы төлөмдөрү жана жаңы үлгүлөрдү чыгарууга кеткен чыгымдардын көбөйүшү себеп болгону айтылууда. Эгер үч жыл мурун Porsche жылына болжол менен 320 миң автоунаа сатса, 2026-жылы бул көрсөткүч 250 миңге чейин төмөндөйт деген божомол бар.

Буга чейин Porsche компаниясы таза кирешеси 91,4 пайызга азайганын да билдирген.