Пекинде Кыргызстан менен Кытай стратегиялык жолдорду куруу маселесин талкуулады

Министрлер кабинети Загрузка... 11 Июль 2025 10:35
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 08.07.25 /Кабар/. Кытайга болгон иш сапарынын алкагында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Кытайдын бир катар мамлекеттик органдарынын жана корпорацияларынын жетекчилери менен Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолун, ошондой эле "Бедел" өткөрүү бекетинин инфраструктурасын жана "Бедел" өткөрүү бекетине алып барчу Барскоон - Бедел - Аксу автожолун куруу маселелерин сүйлөштү. 

Алгач, Кытай темир жолдору мамлекеттик корпорациясынын Директорлор кеңешинин төрагасы Го Чжусюэ менен жолугушуу өткөрүлдү. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Кытай - Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу болду. 

Анда минкаб төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Пекинде өтүп жаткан Жогорку ылдамдыктагы темир жолдор боюнча 12-дүйнөлүк конгресси жогорку деңгээлде уюштурулганын айтып, өз ара кызыкчылык жараткан кызматташуу маселелери жөнүндө баяндама жасоодо жана пикир алышууда мүмкүнчүлүк түзүлгөн аянтча болгонун жана Кыргызстан Кытай менен стратегиялык өнөктөштүктү жогору баалай турганын билдирди.

“Бүгүн биз эл аралык кызматташууну өнүктүрүүнүн жаңы этабы транспорт жана инфраструктура болуп жатканын көрүп турабыз. Маселен, бул багытта биздин аймак үчүн тарыхый маанилүү окуяны өзгөчө белгилеп кетким келет. Маселен, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу, бул эл аралык темир жол Кытайды Кыргызстан жана Өзбекстан аркылуу Борбор Азия, Түштүк Азия, Жакынкы Чыгыш жана Европа менен байланыштырган негизги экономикалык звено болуп саналат. Кыргызстан бул эл аралык темир жолду куруп баштагандан тартып, бир катар мамлекеттерден түрдүү чөйрөлөрдө кызматташуу тууралуу сунуштар келип түшүүдө. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып  логистикалык компанияларды келечекте бул темир жол аркылуу жүк алып өтүүгө чакырып кетем”, — деди Бакыт Төрөбаев.  

Өз кезегинде, Кытай темир жолдору мамлекеттик корпорациясынын Директорлор кеңешинин төрагасы Го Чжусюэ, бул эл аралык темир жолдун курулушун Кыргызстандын тиешелүү мамлекеттик органдары активдүү алдыга жылдырып жатканы үчүн ыраазычылык билдирип, кытай корпорациясы дагы өзгөчө маани берерин жана тыгыз иш алып барарын айтты. Анткени бул стратегиялык долбоор мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты жана өлкө жетекчилигинин жеке көңүл буруусунда экенин кошумчалады. 

686fe295bee44-thumb.jpeg

Белгилей кетсек, Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолунун жалпы узундугу Кытайдын Кашкар шаарынан Өзбекстандын Андижан шаарына чейин 526 чакырым болсо, ал эми Кыргызстандын аймагындагы темир жолдун жалпы узундугу 304 чакырым. Темир жолдун дээрлик 40 пайызы туннелдерден жана көпүрөлөрдөн турат. 

Ошондой эле Кытайдын реформаларды өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комитетинин орун басары Чжоу Хайбин менен жолугушуу болуп, анда Кытай менен Кыргызстандын мамлекеттик чек арасындагы “Бедел” өткөрүү бекетине алып барчу Барскоон – Үчтурфан – Аксу автожолун куруу боюнча сүйлөшүү жүрдү. 

Мында, минкаб төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Барскоон – Үчтурфан–Аксу автожолун курууда Кытайдан Кыргызстанга кирчү аралыкты 507 чакырымга жакын кыскарып, 10 сааттан ашык убакытты үнөмдөйт. Бул күйүүчү майдын чыгымын азайтат, транспорттук тыгындан арылтат, түз жана ылдамыраак каттам болоорун билдирди. Ошол себептүү, курулушту ишке ашырууда эки тарапка пайда алып келе турган жыйынтыкка жетишүү үчүн учурда кытай компаниялары менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын, андыктан тиешелүү кытайлык мамлекеттик органдардын бул багытта колдоону жана тыгыз иштешүүнү чакырды. 

Өз кезегинде, Кытайдын реформаларды өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комитетинин орун басары Чжоу Хайбин бул долбоор артыкчылыктуу долбоорлордун бири экенин жана Кытай менен Кыргызстандын мамлекет башчыларынын ортосунда жетишилген макулдашууларга ылайык ишке ашырылып жатканын айтты.

Ал билдиргендей, эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүү өткөн жылы 23 млрд доллар болсо, ушул жылдын беш айында 11,5 млрд долларга жетип, өсүш 48%га жетти. Андыктан мамлекеттер ортосундагы соода-экономикалык байланышты дагы жогорулатуу кытай тарап үчүн маанилүү экенин билдирди. 

Мындан тышкары, Кытайдын эл аралык кызматташтык агенттигинин директорунун орун басары Ху Чжанлян менен жолугушуу болуп, анда Бедел өткөрүү бекетин куруу маселеси каралды. 

686fe23be0efe-thumb.jpeg

Маалым болгондой, эл аралык стандарттарга жооп берген толук кандуу инфраструктурасы менен Бедел көзөмөл өткөрүү бекетин курууну эки өлкө биргелешип ишке ашырууда. Белгилей кетсек, бул бекет жөнөкөйлөштүрүлгөн тартиптеги убактылуу шарттар менен өткөн жылдын сентябрында ишке берилген болчу. Азыркы учурга карата эки өлкөнүн тиешелүү мамлекеттик органдары долбоордук-сметалык документтердин үстүндө иш жүргүзүүдө. 

Кошумчалай кетсек, Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолун жана "Бедел" көзөмөл өткөрүү бекетин куруу Кыргызстан президенти Садыр Жапаров менен Кытай төрагасы Си Цзиньпиндин саясий чечимдеринин негизинде ишке ашырылууда, бул стратегиялык макулдашууларды активдүү алдыга жылдыруу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин Пекинге болгон жумуш сапарынын негизги максаты болду.