Пекин тил жана маданият университетинде Чыңгыз Айтматовдун бюсту салтанаттуу ачылды

Президент 2292 06 Февраль 2025 11:15
475980138_1145152827619350_2139995866051249185_n.jpg
476251008_1145152284286071_8900149381610611118_n.jpg
475980138_1145152827619350_2139995866051249185_n.jpg
475997982_1145152770952689_6098296352908643595_n.jpg
475997415_1145152717619361_2468530988428152602_n.jpg
476348501_1145152714286028_5837677502568403079_n.jpg
475965832_1145152674286032_410075738686290809_n.jpg
475998878_1145152570952709_1694655755001564394_n.jpg
476117426_1145152587619374_5267279901089237430_n.jpg
476364811_1145152537619379_3427035738208129618_n.jpg
475918868_1145152447619388_6548366067172180839_n.jpg
476355069_1145152450952721_1565972408002411208_n.jpg
476006863_1145152424286057_7978801008380427653_n.jpg
475993143_1145152320952734_5038638099725259289_n.jpg
475992363_1145152327619400_3421907829471459907_n.jpg
475994948_1145152324286067_43109553810890012_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 06.02.25. / Кабар/. Президент Садыр Жапаров Кытайга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында Пекин тил жана маданият университетинде кыргыз элинин залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун бюстунун салтанаттуу ачылыш аземине катышты.

Иш-чаранын алдында мамлекет башчысы университеттин Ардактуу конокторунун китебине жазуу калтырды.

Садыр Жапаров өз сөзүндө Чыңгыз Айтматовдун бюстунун орнотулушу анын дүйнөлүк маданиятка сиңирген эмгегин таануу символу гана эмес, Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы маданий байланыштарды бекемдөөгө умтулгандыгынын далили экенин баса белгиледи.

“Пекин тил жана маданият университети, ар кандай маданияттардын жана идеялардын айкалышкан жери катары, мындай масштабдуу инсанды эскерүү үчүн эң сонун аянтча болуп саналат. Бүгүнкү иш-чара маданият мамлекеттерди жана элдерди бириктирип, тилдик, улуттук жана аймактык тоскоолдуктарды жеңүү үчүн уникалдуу жөндөмгө ээ экендигин эскертип турат”, – деп Садыр Жапаров белгилеп, жазуучунун бюстун жараткан кытайлык скульпторго ыраазычылыгын билдирди.

Президент бул эмгек Айтматовдун идеяларын жана чыгармачылыгын изилдөөгө үндөп, жаш муундар үчүн илхам булагы болоруна ишеним билдирди.

“Ушул сыяктуу демилгелер жана долбоорлор өз ара урматтоого, ишенимге жана илим, маданият жана билим берүүдөгү кызматташтыкты тереңдетүү умтулуусуна негизделген бекем достугубуздун айкын далили. Пекин тил жана маданият университетинде эстеликтин ачылышы Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтыкты чыңдоого олуттуу салым болуп, элдерибиздин достугунун бекем символу катары каларына ишенем”, - деп белгиледи мамлекет башчысы.

Ал улуу жазуучу, ойчул, гуманист жана дипломат Чыңгыз Айтматовдун сөздөрүн окуп, бул сөздөр Кытай Эл Республикасы менен эки тараптуу кызматташуу менен жакшы байланышы бар экенин баса белгиледи: “Адамдар кандайдыр бир жалпы түйшүктөргө, кызыкчылыктарга, идеяларга жана ал тургай тынчсызданууларга батып турганда, алар бирдиктүү максатка багыт алып, жашоонун маңызын, баалуулугун, учурда болуп жаткан кырдаалдын баалуулугун бирдей түшүнө баштайт. Алар кээ бир жерде бири-биринен айырмаланып турса да, бирок ага карабастан, түшүнбөстүктү жеңип, өз ара түшүнүшүүгө жетишет. Ушундан улам экөө тең байыйт. Ошондуктан ар түрдүү аспектилерде өз ара түшүнүшүүгө умтулуу керек”.

Аягында президент Садыр Жапаров Кыргызстан эки өлкөнүн жана элдин гүлдөп-өнүгүшү жана бакубат жашоосу үчүн өз ара пайдалуу өнөктөштүк принциптерине таянып, ынак коңшусу жана ишенимдүү досу Кытай менен ар тараптуу кызматташууга умтуларын белгиледи.