Бишкек, 29.11.25. /Кабар/. Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого жалпысынан 788 эл аралык байкоочуну каттады.
Алардын ичинде КМШ, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун, Түрк тилдүү мамлекеттердин Парламенттик ассамблеясынын, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Парламенттик ассамблеясынын, Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин Парламенттер аралык ассамблеясынын, Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Парламенттик ассамблеясы сыяктуу эл аралык миссиялардан жана элчиликтерден келген байкоочулар бар.

Россиянын Коомдук палатасынын делегация башчысы Михаил Аничкиндин айтымында, палата жарандар жана коомдук уюмдардын бийлик органдары менен кызматташуусун камсыздап, алардын укуктарын коргоого жана коомдук кызыкчылыктарды эске алууга салым кошот.
Михаил Аничкин белгилегендей, Россиянын Коомдук палатасы бир катар өлкөлөрдө шайлоолорду байкоо боюнча чоң тажрыйбага ээ. Россияда болжол менен 150 миң коомдук байкоочулар бар, бул ишке жарандык коомдун өкүлдөрү активдүү катышат. Палата иштеп чыккан коомдук байкоо методологиясы эл аралык практикада колдонулуп, жакшы баага татыган. Ал ошондой эле Россиядагы шайлоолордо чет элдик байкоочулардын катышуусунун маанилүүлүгүн жана тажрыйба алмашууга кызыкдарлыгын айтты.

Россиянын Коомдук палатасынын делегациясы Кыргызстандагы шайлоолорду байкоого катышуусун кызматташууну бекемдөөгө, Кыргызстандын суверенитетин колдоого жана кыргызстандык кесиптештери менен профессионалдык кызматташууну өнүктүрүүгө кошкон салымы катары баалоодо.

30-ноябрга белгиленген мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоону байкоо үчүн Кыргызстанга келген Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин байкоо миссиясынын башчысы, КМШ башкы катчысынын биринчи орун басары Игорь Петришенконун пикиринде, КМШ миссиясынан 241 узак жана кыска мөөнөттүү байкоочу аккредитациядан өткөн. Миссиянын жыйынтыктоочу басма сөз жыйыны 1-декабрда өтөрү пландалууда. Миссиянын ишинин алкагында башка эл аралык уюмдардын байкоочулары менен жолугушуулар да каралган, делегация борбордогу жана региондордогу шайлоо тилкелерине барышат.

“Мыйзамдарга ылайык, бир жаран бир гана ирет добуш бериши керек. Боршайком шайлоодо автоматташтырылган система добуш берүүнүн ачык-айкындыгын камсыздай тургандыгын белгилеп жатат. Биз байкоо маалында бул учурларга да маани беребиз. Шайлоочулардын добуш берүү укугун камсыздоо үчүн аралыктан да добуш берүүгө шарттар түзүлгөнүн БШК төрагасы айтып өттү. Мен кыргыз элине алдыдагы шайлоого өз конституциялык укугун пайдаланып, добуш берүүсүн каалайт элем. Биз үчүн алдыңкы санарип технологияларын колдонуу менен шайлоонун өткөрүлүшү жаңы тажрыйба болуп эсептелет”, - деп кошумчалады ал.
БШК эл аралык байкоочулардын шайлоо процессине көз салууга катышуусу жарандардын ишенимин бекемдөөгө, шайлоо процессинин ачык-айкындуулугун жана объективдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөрүнө ишеним артууда.
Анткени шайлоо органдары менен эл аралык байкоо миссияларынын алакасы демократиялык процесстерди бекемдөөгө, жарандардын добуш берүүнүн жыйынтыгына болгон ишенимин жогорулатууга салым кошот.