Парламенттик шайлоо. 18:00гө карата 1 млн 330 миң шайлоочу добуш берди

Шайлоо Загрузка... 30 Ноябрь 2025 18:05
WhatsApp Image 2025-11-30 at 18.10.07.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 30.11.25 /Кабар/. Бүгүн, 30-ноябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүүдө.

Шайлоо процесси өлкө ичинде жана чет мамлекеттерде уюштурулган тилкелерде тынч жана уюшкандыкта жүрүп жатат.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, саат 18:00гө карата шайлоочулардын 30,99 пайызы добуш берүүгө катышты.

Тактап айтканда, 1 млн 330 миң шайлоочу жарандык милдетин аткарып, добуш берүүгө катышты.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Султан Макилов билдиргендей, өлкө боюнча ар бир шайлоо участогунда укук коргоо органдарынын кызматкерлери коомдук тартипти камсыз кылууда. Азыркы тапта мыйзам бузуулар каттала элек.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо 30 көп мандаттуу округ боюнча 460 кандидат ат салышууда. Алардын 271и - эркек, 189у - аял талапкерлер.

Добуш берүү кечки саат 20:00гө чейин уланат.