Парламентти түзүүдөгү жаңы эрежелер. Мыйзам долбоорунун маани-маңызы

Саясат Загрузка... 18 Февраль 2025 15:02
389841583898839_big (1).jpg
copyright icon www
Бактыбек Мамбетов

Бактыбек Мамбетов

Бардык материалдар

Бишкек, 18.02.25. /Кабар/. Төрага башында турган парламенттин депутаттары Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо жаңы эрежелерди камтыган мыйзам долбоорун демилгеледи. Анда Кыргызстанда көп мандаттуу 30 шайлоо округун түзүп, анда жогорку мыйзам чыгаруу органына элдин 3 өкүлүн шайлоо сунушталып жатат. Талапкерлерди саясий партиялар көрсөтүүгө укуктуу, мындан тышкары Кыргызстандын бардык жарандары өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен шайлоого катыша алышат.

Документте көңүл бурган биринчи жана маанилүү жагдай – бул жарандар менен депутаттардын ортосундагы түз байланышты түзүүгө умтулуу аракети. Башкача айтканда, эми ар бир райондо үчтөн эл өкүлү болуп, ишеним мандатын актоо үчүн социалдык-экономикалык маселелерди чечүүдө эл менен баарлашып турушат.

Ал эми саясий партиялар мамлекеттин коомдук-саясий турмушунда маанилүү роль ойносо, анда алар өздөрүн көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Албетте, бул үчүн жергиликтүү калк менен байланыш түзүп, программаларды өркүндөтүп, аймактарда көрүнүктүү өкүлдөрү болушу зарыл.

Бирок, тилекке каршы, көпчүлүк партияларда мындай иштер парламенттик же аралаш системада жүргүзүлгөн эмес. Алардын көбүнүн кеңсеси, коомдук кабылдамасы жок, болгону шайлоо тизмелери гана бар. Эми өлкөнүн саясий турмушуна катышкысы келсе, партиялар биринчи кезекте калк менен иштөө форматын кайра карап чыгышы керек, себеби, калк гана Жогорку Кеңешке шайланган талапкерге бийликти бере алат.

Дагы бир маанилүү жагдай - бул гендердик принципке пропорционалдуу өкүлчүлүк берүү. Мунун ишке ашкан эрежеси мындай болот: эгерде райондо эки жетекчи орунду эркектер ээлесе, үчүнчү мандат аялга өтөт. Башкача айтканда, бул учурда 30% квота жөнүндө эреже кынтыксыз сакталып иш жүзүнө ашат.

Негизинен мыйзам долбоорунда парламентти түзүүдөгү кызыктуу, принципиалдуу жаңы ыкмалар камтылган. Депутаттарды көрсөтүү жана аларды шайлоо ачык-айкын жана түшүнүктүү болуп, Жогорку Кеңеш шайлоочуларга жакын болууга шарттар түзүлгөн. Бул мыйзам долбоорунун мисалында Кыргызстанда күчтүү жана элдин алдында жоопкерчиликтүү мамлекет куруу максатын көздөгөн саясий реформалар уланууда десек болот.