Паратриатлон боюнча дүйнө чемпиону Жалалдин Абдувалиевге 500 миң сом берилди

Министрлер кабинети 15 Июль 2025 16:59
68761deb064ca.jpg
68761deb059f2.jpg
68761deb45d1d.jpg
68761dddebad6.jpg
68761dddebad6 (1).jpg
68761e556fecf.jpg
68761e153cada.jpg
68761e63e0327.jpg
68761e63e0327 (1).jpg
68761e5d08067.jpg
68761e1d087c8.jpg
Алдыга
Артка
68761deb064ca.jpg
68761deb059f2.jpg
68761deb45d1d.jpg
68761dddebad6.jpg
68761dddebad6 (1).jpg
68761e556fecf.jpg
68761e153cada.jpg
68761e63e0327.jpg
68761e63e0327 (1).jpg
68761e5d08067.jpg
68761e1d087c8.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 15.07.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов паратриатлон боюнча дүйнө чемпиону Жалалдин Абдувалиев менен жолугушту.

Спортчу үстүбүздөгү жылдын 29-июнунда Испанияда өткөн турнирде PTVI (көзү начар көргөн спортчулар) категориясында паратриатлон боюнча дүйнө чемпиону наамын жеңип алган.

Жолугушууга ошондой эле КР паратриатлон боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Андрей Ханадеев, Жалалдин Абдувалиевди коштоп жүргөн гид-жол көрсөтүүчү Николай Ведмедь, Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Айбек Абдымомунов жана паралимпиадачы Гүлназ Жүзбаева катышты.

Эдил Байсалов министрлер кабинетинин төрагасынын атынан Жалалдин Абдувалиевге, ошондой эле машыктыруучуларга акчалай сертификаттарды тапшырды. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары спортчуга күчтүү руху, спортко берилгендиги жана бүткүл коомго тартуулаган шыктандыруусу үчүн, ошондой эле өлкөнүн эл аралык аренада татыктуу көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Паратриатлон боюнча дүйнө чемпиону Жалалдин Абдувалиев өз кезегинде мамлекет тарабынан параспортту өнүктүрүүгө көрсөтүлүп жаткан көңүл бурууга ыраазычылык билдирди. Ал республиканын жетекчилигинин колдоосу анын тырышчаактык менен машыгуусун улантууга, жаңы спорттук бийиктиктерге жетүүгө жана Кыргызстанды эл аралык аренада сыймыктануу менен көрсөтүүгө чоң мотивация берерин белгиледи.