Папан чакан ГЭСин курууга даярдыктар башталды

Аймак 25 Март 2025 14:25
486570443_18058700888476120_4087745737059102770_n.jpg
486051170_18058700870476120_1860133977207343_n.jpg
486232901_18058700861476120_5786347034054926839_n.jpg
486435031_18058700885476120_1767105033062079560_n.jpg
Алдыга
Артка
486570443_18058700888476120_4087745737059102770_n.jpg
486051170_18058700870476120_1860133977207343_n.jpg
486232901_18058700861476120_5786347034054926839_n.jpg
486435031_18058700885476120_1767105033062079560_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 25.03.25. /Кабар/. Кара-Суу районунда Папан ГЭСин курууга даярдык иштери башталды.

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, учурда ГЭСке алып баруучу жолдун курулушу жүрүүдө. Станция Папан суу сактагычынын төмөнкү бөлүгүндө (бьефинде) жайгашат. Жаңы ГЭСтин пландалган кубаттуулугу 27 МВтты (үч гидроагрегат, ар бири 9 МВт) түзөт, ал эми жылдык орточо электр энергия өндүрүү көлөмү 113 млн кВт/с болмокчу.

Бул долбоор мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн (МЖӨ) алкагында "Чакан ГЭС" ААК жана "Гидроэнергетиканы куруу боюнча биргелешкен кыргыз-кытай коому" ЖЧК тарабынан жүзөгө ашырылып, инвестор жана башкы подрядчы катары иш алып барууда.

Учурда төмөнкү иштер жүрүп жатат:

  • долбоордук-сметалык документациянын иштелип чыгууда;
  • керектүү гидротехникалык жана электротехникалык жабдууларды алуу үчүн буйрук кылынды;
  • курулуш аянтына атайын техниканын бир бөлүгү жеткирилди;
  • Төлөйкөн дачасынан келечектеги ГЭСтин имаратына чейин жол курулуп жатат: 8 км жолдун 6 км салынды.

Эске салсак, 2024-жылдын 5-октябрында келечектеги Папан ГЭСинин курулуш аянтында капсула коюу аземи өткөн. Курулуштун аякташы 2027-жылдын үчүнчү кварталына пландаштырылган.