Панфилов районунда 51 гектар аянтка тамчылатып суугаруу системасы орнотулду

Коом 04 Июль 2025 12:35
photo_5420489899011865377_y.jpg
photo_5420590474261034910_y.jpg
photo_5420590474261034909_y.jpg
photo_5420590474261034907_y.jpg
photo_5420590474261034904_y.jpg
photo_5420513104720165861_y.jpg
photo_5420489899011865383_y.jpg
photo_5420489899011865381_y.jpg
photo_5420489899011865376_y.jpg
photo_5420489899011865374_y.jpg
photo_5420358176659863705_y.jpg
photo_5420358176659863704_y.jpg
Алдыга
Артка
photo_5420489899011865377_y.jpg
photo_5420590474261034910_y.jpg
photo_5420590474261034909_y.jpg
photo_5420590474261034907_y.jpg
photo_5420590474261034904_y.jpg
photo_5420513104720165861_y.jpg
photo_5420489899011865383_y.jpg
photo_5420489899011865381_y.jpg
photo_5420489899011865376_y.jpg
photo_5420489899011865374_y.jpg
photo_5420358176659863705_y.jpg
photo_5420358176659863704_y.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 04.07.25. /Кабар/. Панфилов районунда сугат скважиналары жаңыртылып, тамчылатып сугаруу ишке кирди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев Панфилов районунда жайгашкан Р-2 чарба аралык каналынын боюндагы 6 сугат скважинасынын калыбына келтирүү иштери менен жеринен таанышты.

Скважиналар толук калыбына келтирилип, учурда ар бири фермерге 30 литр/секунд ылдамдыкта суу берилип жатат.

Мындан тышкары, министр Күрпүлдөк айыл аймагында 51 гектар аянтка орнотулган тамчылатып сугаруу системасынын ишке ашырылышы менен да таанышып чыкты. Бардык жабдуулар орнотулуп, иштеп жатат. 48,3 гектар жер аянтына жүгөрү себилип, анын өсүшү жакшы экени белгиленди. Бул жер аянты "Мир" фермердик чарбасына ижарага берилген.

"Суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана заманбап сугаруу технологияларын киргизүү — биздин суу жана агрардык саясаттын негизги багыттарынын бири. Калыбына келтирилген скважиналар жана тамчылатып сугаруу системасы — бул жөн гана объекттер эмес, дыйкандарды колдоонун, түшүмдүүлүктү жогорулатуунун жана суунун жоготууларын азайтуунун реалдуу куралы. Мындай долбоорлорду өлкөбүздүн бардык аймактарында илгерилетүүнү улантабыз", — деди Бакыт Төрөбаев.

Төрөбаев белгилегендей, бул кадамдар Чүй облусунун агрардык секторун туруктуу өнүктүрүүгө, суу ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга жана фермерлерди колдоого багытталган.