Бишкек, 19.06.25. /Кабар/. Баткендик ишкер тамчылатып сугаруу менен 66 гектар жерди өздөштүрдү. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Президенттин өкүлү Айбек Шаменов Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагындагы жеке ишкердин тамчылатып суугару ыкмасы менен өздөштүргөн багына барды.
Жеке ишкер Бакыт Исаев бош жаткан 66 гектар жерди тамчылатып сугаруу ыкмасы менен өздөштүргөн. Ал жерге 900 кубтук суу кампасын куруп, алма, өрүк, шабдаалы, павлония, жаңгак, бадам, алмурут сыяктуу 11 көчөттүн түрүн отургузган. Ишкер бош жаткан жерди айыл өкмөтү тарабынан ижарага алып, 50 миң түп көчөт тиккен. Бул демилгени "Ассафа" коомдук фонду колдоого алган.
Учурда туруктуу 5 киши жумуш менен камсыз болгон, ал эми жыйым терим башталган кезде 20дай жумуш орду түзүлөт. Ишкер өткөн жылы 4-5 тонна түшүм алган болсо, быйылкы жылы 20 тоннадай алууну көздөп турат.