Бишкек, 09.02.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров 2026-жылдын 6-февралында Исламабад шаарында террористтик чабуулдун кесепетинен адамдардын каза болушуна байланыштуу Пакистандын президенти Асиф Али Зардариге жана премьер-министри Шахбаз Шарифге терең көңүл айтуу сөзүн билдирди.
"Кыргызстан терроризмди жана анын жалпы тынчтыкка жана туруктуулукка коркунуч туудурган бардык түрлөрүн кескин түрдө айыптап, бул коркунучтарга каршы эл аралык кызматташууну туруктуу улантууга болгон багытын тастыктайт", - деп айтылат маалыматта.