Пакистанда жанкечтинин кол салуусунан 9 адам каза тапты

Дүйнө 5 март 2025 10:50
Пакистанда жанкечтинин кол салуусунан 9 адам каза тапты

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 05.03.25. /Кабар/. Пакистанда жанкечтинин кол салуусунан 9 адам каза тапты.

Reuters маалымдагандай, жардыруу Хайбер-Пахтунхва провинциясынын Банну округунда болгон.

Анын кесепетинен кеминде 9 киши каза болуп, дагы 18 адам жаракат алды.

Провинциянын бийлиги муну террордук акт деп, полициянын докладын күтүп жатканын белгиледи.