Лахордо Кыргызстандын, Бишкекте Пакистандын соода үйлөрү ачылат

Экономика 15 октябрь 2026 17:55
WhatsApp Image 2026-10-15 at 17.44.51 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-10-15 at 17.45.09 (1).jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-10-15 at 17.44.51 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-10-15 at 17.45.09 (1).jpeg
Алдыга
Артка

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 15.10.26. /Кабар/. Пакистандын Лахор шаарында Кыргызстандын соода үйү ачылып, анда кыргызстандык ишкерлердин продукцияларын жайылтуу жана аларга кардарларды табуу көздөлүүдө. Ошондой эле Бишкекте Пакистандын соода үйүн ачуу пландалууда. Бул тууралуу Кыргызстандын Лахор шаарындагы ардактуу консулу Мехер Кашиф Юнис “KYRGYZSTAN EXPO 2026” жана “EXPO EURASIA KYRGYZSTAN 2026” эл аралык көргөзмөлөрүндө “Кабар” агенттигине билдирди.

Анын айтымында, соода үйлөрү эки өлкөнүн ишкерлерине өз ара кызматташууга, продукцияларды сатууга жана бизнес байланыштарын кеңейтүүгө шарт түзөт. Мындан тышкары, Пакистан менен Кыргызстандын ишкерлеринин биргелешкен ишканаларды ачуу, Кыргызстанда өндүрүштү жолго коюу жана өнөр жай тармактарында кызматташуу демилгелери колдоого алынат.

Мехер Кашиф Юнис өзү да бир нече тармакта иш алып барган ишкер экенин белгиледи. Анын бизнес тобу металл өндүрүү, мода дизайны, айыл чарба, саламаттык сактоо жана инженерия тармактарында иштейт. Ошондой эле сүт жана сүт азыктарын өндүргөн чарбасы бар.

“Пакистан Кыргызстанда фармацевтикалык компанияларды түзүүгө көмөктөшө алат, анткени өлкөдө мындай өндүрүшкө муктаждык бар. Ал эми Кыргызстан санариптештирүү жаатындагы тажрыйбасы менен бөлүшө алат. Биздин орток багыттарыбыз көп жана эки өлкөнүн ишкерлери бири-бирине колдоо көрсөтүп, биргелешип иш алып барса болот”, — деди ал.

Ардактуу консулдун айтымында, Кыргызстан менен Пакистандын кызматташуусу эки өлкөнүн ишкерлерине жаңы рынокторго чыгууга мүмкүнчүлүк берет. Кыргызстан аркылуу Пакистан Борбор Азия жана Евразия өлкөлөрүнүн рынокторуна жол тапса, кыргызстандык ишкерлер Жакынкы Чыгыш, Ыраакы Чыгыш жана Түштүк Азия рынокторуна чыга алышат.

Ал ошондой эле өткөн жылы Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Пакистанга болгон сапары учурунда эки өлкөнүн соода жүгүртүүсүн 200 млн долларга жеткирүү максаты коюлганын эске салды.

“Биздин максатыбыз — эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды бекемдөө, ишкерлердин кызматташуусун кеңейтүү жана биргелешкен аракеттер аркылуу Кыргызстан менен Пакистандын өнүгүшүнө салым кошуу”, — деп кошумчалады Мехер Кашиф Юнис.