Бишкек, 02.09.26. /Кабар/. Кыргызстан менен Пакистан илим тармагында алаканы чыңдайт. Бул тууралуу илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова билдирди.
Министр белгилегендей, бүгүн, 2-сентябрда Пакистан премьер-министри Мухаммад Шахбаз Шарифтин Кыргызстанга расмий сапарынын алкагында Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги менен Пакистандын Илим жана технология министрлигинин ортосундагы илимий-техникалык кызматташтык жөнүндө макулдашууга кол коюлду.
“Бул макулдашуунун негизги максаты биздин өлкөнүн жана Пакистандын илимий-изилдөө институттарынын ортосунда биргелешкен илимий изилдөөлөр тармагындагы кызматташтыкты чыңдоо болуп саналат. Ошондой эле санариптештирүү, жасалма интеллект тармактарында жаңы технологияларды өздөштүрүү каралган”, - деди министр.
Гүлзат Исаматованын айтымында, бүгүнкү күндө Кыргызстанда Пакистандан келип окуган студенттердин саны 7 миңден ашат. Алардын басымдуу бөлүгү медициналык адистиктерде билим алышат.