Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевге катуу сөгүш берилди

Президент 12 май 2025 09:00
Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевге катуу сөгүш берилди

Бишкек, 12.05.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 71-беренесине, “КР Куралдуу Күчтөрүнүн Тартип уставы жөнүндө” КР мыйзамы менен кабыл алынган КР Куралдуу Күчтөрүнүн Тартип уставынын 75-пунктунун “б” пунктчасына ылайык жүктөлгөн милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн өзгөчө кырдаалдар министри Ажикеев Бообек Эргешевичке катуу сөгүш түрүндө тартиптик жаза берилди.