Оштун бюджетине салыктан кошумча каражат бөлүнөт. Жарлыкка кол коюлду

Президент Загрузка... 26 Май 2026 17:30
WhatsApp Image 2026-05-26 at 17.25.09.jpeg
copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 26.05.26. /Кабар/. “Ош шаарында сатуудан алынуучу салыктан жана бирдиктүү салыктан түшүүлөрдү бөлүштүрүү боюнча пилоттук долбоорду өткөрүү жөнүндө” жарлыкка кол коюлду.

Салыктык түшүүлөрдү адилеттүү бөлүштүрүүнү камсыз кылуу жана Ош шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамдын 311-беренесине, Конституциянын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылынат: 

1. Министрлер кабинети 2026-жылдын 1-июнунан баштап 2027-жылдын 1-июнуна чейинки мезгилде Ош шаарынын жергиликтүү бюджетине аларды чегерүүнүн төмөнкүдөй пропорциялары каралган Ош шаарында сатуудан алынуучу салыктан жана бирдиктүү салыктан түшүүлөрдү бөлүштүрүү боюнча пилоттук долбоорду (мындан ары – пилоттук долбоор) өткөрсүн: 

1) сатуудан алынуучу салыктын 50 пайызы;

2) бирдиктүү салыктын 15 пайызы. 

2.Финансы министрлиги:

1) пилоттук долбоордун алкагында салыктык түшүүлөрдү эсепке алуу механизмин иштеп чыксын жана киргизсин;

2) пилоттук долбоор аяктагандан кийин натыйжалуулугуна талдоо жүргүзсүн жана аны кеңейтүү мүмкүндүгү боюнча сунуштарды киргизсин;

3) Ош шаарынын мэриясы менен биргеликте ушул жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн. 

3.Ош шаарынын мэриясы пилоттук долбоордун алкагында зарыл чараларды көрсүн. 

4.Бул жарлыктын аткарылышын контролдоо президенттин администрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн. 

Бул жарлык расмий жарыяланууга тийиш жана 2026-жылдын 1-июнунан тартып күчүнө кирет.