Ташкент, 28.02.25. /Кабар/. Консулдук-укуктук жардам көрсөтүү максатында Өзбекстандын Ош шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери Кыргызстандын №25 түзөтүү колониясында жазасын өтөп жаткан мекендештери менен жолугушту, деп билдирет "Дунё" маалымат агенттиги.
Жолугушууда абактагыларга мөөнөтүнөн мурда бошотуу, мунапыс, экстрадициялоо жана башка орчундуу маселелер боюнча укуктук кеңештер берилди. Соттолгондор консулдуктун кызматкерлерине колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.
АНдан кийин колониянын жетекчилиги менен абактагы Өзбекстандын жарандарынын укугун коргоо маселеси талкууланды. Кыргыз тарап өз ыйгарым укуктарынын алкагында консулдук жардам көрсөтүүгө көмөктөшүүгө даяр экенин ырастады.
Жолугушуунун жыйынтыгында үзгүлтүксүз маалымат алмашуу жана ар үч айда бир жолу консулдук жолугушууларды өткөрүү боюнча келишим түзүлдү.
Тараптар Өзбекстан менен Кыргызстандын жарандары жасаган кылмыштарынын жагдайына карабастан, өлкөлөр ортосундагы жакшы коңшулук мамилелерге доо кетирбеши керектигин белгилешти.
Эскерте кетсек, №25 түзөтүү колониясы Кыргызстандын түштүгүндөгү эң ири түзөтүү мекемелеринин бири болуп саналат, анда соттолгондор жана тергөөдөгү адамдар кармалат.