Төлөгөн Касымбековдун 95 жылдыгы: Ошто республикалык айтыш жыйынтыкталды

Маданият 5 октябрь 2026 11:00
WhatsApp Image 2026-10-05 at 07.47.29 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-10-05 at 07.47.30 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-10-05 at 07.47.30 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-10-05 at 07.47.30.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-05 at 07.47.29 (2).jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 05.10.26 /Кабар/. Ош шаарынын күнүнө жана белгилүү жазуучу Төлөгөн Касымбековдун 95 жылдыгына арналган төкмө акындардын республикалык айтышы жыйынтыкталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, анда баш байгени Нурсултан Абдикаримов алды. Биринчи орунга Жамайка Токонова, экинчи орунга Болот Назаров, үчүнчү орунга Идирис Айтбаев ээ болду. Айтыштын жалпы байге фонду 1 млн сомду түздү.

Айтыштын тандоо турлары 1-октябрда Кыргыз улуттук “Манас” театрында жана 3-октябрда Ош шаарында өтүп, финалдык таймаш Бабур атындагы Ош мамлекеттик музыкалык-драма театрында уюштурулду.

Республикалык айтышты Ош шаарынын мэриясы, Кыргыз улуттук “Манас” театры жана “Айтыш” коомдук фонду биргеликте уюштурду.