Бишкек, 28.07.26 /Кабар/. Ош шаарында уруксат берүүчү документтери жок курулуш токтотулду. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул факт КРнын "Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" мыйзамынын талаптарын бузуу болуп саналат.
Текшерүүнүн жыйынтыгында курулуш иштерин жүргүзгөн жаран К.А.Мга карата административдик чара көрүлдү.
"Ага аныкталган мыйзам бузууларды жоюу боюнча жазуу жүзүндө көрсөтмө берилип, мыйзам талаптары аткарылганга чейин объекттин курулушу убактылуу токтотулду",-деп айтылат маалыматта.