Ошто мейманкананын курулушунун сейсмикалык коопсуздугу текшерилди

Коом 1181 10 Апрель 2026 10:45
670575548_1458307899101588_4743514668330464760_n.jpg
668948824_1458307925768252_7801133440342232882_n.jpg
668888599_1458307952434916_6300149920393179067_n.jpg
669945931_1458307905768254_3504472559289165520_n.jpg
Алдыга
Артка
670575548_1458307899101588_4743514668330464760_n.jpg
668948824_1458307925768252_7801133440342232882_n.jpg
668888599_1458307952434916_6300149920393179067_n.jpg
669945931_1458307905768254_3504472559289165520_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги

Бишкек, 10.04.26. /Кабар/. Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту тарабынан Ош шаарында курулуп жаткан мейманкананын имаратына инженердик текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иштин алкагында объекттин сейсмикалык коопсуздугу дыкат текшерилди. Адистер объекттин долбоордук жана техникалык документтерин карап чыгып, тиешелүү чиймелерди түзүштү. Ошондой эле имараттын конструкцияларына инженердик жактан комплекстүү анализ жүргүзүлдү.

"Учурда институт тарабынан курулуш конструкцияларынын техникалык абалы боюнча корутунду даярдалууда. Анын жыйынтыгы менен имаратты мындан ары пайдалануу боюнча тиешелүү сунуштар иштелип чыгат",-деп айтылат маалыматта.