Ошто курулуш компаниясына 200 миң сом айып салынды

Укук тартиби
Ошто курулуш компаниясына 200 миң сом айып салынды
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 20.10.26. /Кабар/. Ош шаарындагы Беш-Капа көчөсү 142/1 дарегинде курулуп жаткан 10 кабаттуу турак жайды текшерүүдө мурда аныкталган мыйзам бузуулар жоюлбаганы белгилүү болду. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Ясин Курулуш" ЖЧКсына курулуш ченемдерин, техникалык коопсуздук жана көрктөндүрүү талаптарын сактабаганы үчүн кайрадан 200 миң сом айып пул салынды.

Буга чейин компанияга эскертүү берилип, айып пул салынган.