Бишкек, 13.08.26. /Кабар/. Ош шаарындагы Мамыров жана Р. Абдыкадыров көчөлөрүн бириктирген С. Абдувалиев көчөсү толугу менен жаңыланып, шаар тургундарынын пайдалануусуна берилди.
Муниципалитеттен билдиришкендей, узундугу 1 чакырымга жакын жол 12 метрге чейин кеңейтилип, эки тилкелүү жолго жаңы асфальт төшөлдү. Ошондой эле жөө жүргүнчүлөр үчүн өтмөктөр жана суу агызуучу лотоктор курулду.
Алдыда көчөгө түнкү жарыктандыруу орнотулуп, жол жээктери жашылдандырылат. Жаңыланган көчөнүн ачылышына Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев жана жергиликтүү тургундар катышты. Иш-чара гольф-карлардын жүрүшү менен коштолду.