Ошто 1,4 га жер жана курулушу бүтө элек имарат муниципалитеттин менчигине өттү

Аймак Загрузка... 15 Февраль 2025 14:49
6fe36d6a-5981-4981-8fdb-46ceca8ba6b9.jpg
copyright icon Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 15.02.25. /Кабар/. Ош шаарында 1,4 га жер жана курулушу бүтө элек имарат муниципалитеттин менчигине өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жапалак айылдык аймактык башкармалыгына караштуу Жолон Матытов көчөсүндө жайгашкан жалпы аянты 1,4 гектар жер тилкеси жана үстүндөгү курулушу толук аяктай элек имараты Ош шаардык сотунун чечими менен муниципалдык менчикке өттү.

Муниципалдык менчикке өткөн жер аянтында турган, бүтө эле курулуш имараты толук оңдолуп, түзөлгөн соң мектеп катары пайдаланылат.

Бүгүн аталган аймактын каралбай калган айланасындагы бак дарактарды, көп жылдык чөптөрдү жана таштандыларды алып салуу, тазалоо иштери Ош тазалык жана жашылдандыруу чарба ишканасынын жумушчулары тарабынан иретке келтирилди. Ал эми имараттын ички бөлүгүндө билим берүү башкармалыгынын кызматкерлери ишембилик өткөрүштү.