Ош шаарынын мэринин жаңы орун басары дайындалды

Кадрлар жана дайындоолор 2 декабрь 2025 15:45
Ош шаарынын мэринин жаңы орун басары дайындалды
copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 02.12.25. /Кабар/. Мирланбек Казыбай уулу Ош шаарынын мэринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Тиешелүү буйрукка мэр Жеңишбек Токторбаев кол койду.

Ал буга чейин Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы болуп иштеп келген.