Ош шаарынын коммуналдык ишканаларына 10 атайын техника тапшырылды

Аймак 26 Март 2025 16:45
486707137_993606692958228_8301515191430979961_n.jpg
486599670_993606666291564_4784376661621405867_n.jpg
486603115_993606739624890_3300613845487595540_n.jpg
486637663_993607702958127_4053449734333408782_n.jpg
486652709_993606879624876_8371379454420588742_n.jpg
486808258_993606702958227_6781295755808520791_n.jpg
486947912_993606936291537_4556772258920005282_n.jpg
487130731_993607446291486_5774703863873740945_n.jpg
487158248_993606726291558_2635385325870943335_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 26.03.25. /Кабар/. Бүгүн борбордук аянтта Ош шаарынын мэриясынын коммуналдык чарба жана социалдык багытта иш алып барган ишканаларга жаңы атайын техникалар тапшырылды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, техникаларды Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев тапшырып, демөөрчүлөргө белектер үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Атайын техникалар "Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты", "Ош-Тазалык", "Ош суу каналы", "Ош свет", "Маданият башкармалыгы", "УТРК-ОШ", ишканалары арасында бөлүштүрүлдү.

Жаңы техникалардын арасында 2 жүк ташуучу Shacman унаасы, 2 суу ташуучу унаа, 1 көчө жуучу унаа, 1 манипулятор жана 1 "Мерседес" үлгүсүндөгү спринтер менен 1 жеңил унаа бар.

Муну менен шаардагы ишканалар 60ка жакын атайын техникалар менен толукталды.