Ош шаарында турак үйдөн чыккан өрт толук өчүрүлдү

Кырсык 22 Октябрь 2025 12:05
565170013_1324316959167350_3282168721656723908_n.jpg
515506668_1324316782500701_4932733830911698856_n.jpg
565733982_1324316829167363_4785943048824827996_n.jpg
Алдыга
Артка
565170013_1324316959167350_3282168721656723908_n.jpg
515506668_1324316782500701_4932733830911698856_n.jpg
565733982_1324316829167363_4785943048824827996_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon ӨКМ

Бишкек, 22.10.25. /Кабар/. Ош шаарында турак үйдөн чыккан өрт толук өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиген кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бүгүн болжол менен саат 03:30да Орозбеков көчөсүндөгү турак үйлөрдүн биринин жер төлөсүнөн өрт чыккан.

Тилсиз жоо боюнча билдирүү ӨКМге саат 05:56да түшүп, 06:04тө Ош шаарынын өрт өчүрүү бөлүмү окуя болгон жерге жеткен. Саат 06:25те өрт чектөөгө алынып, 09:46да толук өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен 34 жаштагы аял жана анын 5 баласы каза болгону аныкталды.

Өрттүн аянты болжол менен 280 чарчы метрди түзөт. Алдын ала маалыматта белгилегендей, үйдө электр жылытуучу жабдуу колдонулган. Кырсыктын себеби такталууда.