Бишкек, 12.04.26. /Кабар/. Ош шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн фасаддары жаңыланууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Турак жай коммуналдык ишканасы тарабынан быйыл жалпы 70 үйдүн фасадын актап-сырдоо пландалган.
Бүгүнкү күнгө карата 10 көп кабаттуу үйдүн сырткы фасадын жаңылоо иштери жүргүзүлдү. Жыл аягына чейин дагы 50–60 көп кабаттуу үйдүн сырты жаңыланат.