Ош шаарында кайсы көчөлөр оңдолууда? Касымалиев курулуш иштеринен кабар алды

Министрлер кабинети 2293 23 Май 2025 14:52
68303057e770e-thumb.jpg
68302f51e3a25-thumb.jpg
6830308c838c9-thumb.jpg
68303056d5ee7-thumb.jpg
683030566b3af-thumb.jpg
6830303e08c92-thumb.jpg
683030281cddb-thumb.jpg
68303011d81c7-thumb.jpg
68303010ee274-thumb.jpg
68303010a3a40-thumb.jpg
68302ff5e0eba-thumb.jpg
6830300f47301-thumb.jpg
6830300e67ea5-thumb.jpg
6830300d75891-thumb.jpg
6830308e5b341-thumb.jpg
6830308e02052-thumb.jpg
Алдыга
Артка
68303057e770e-thumb.jpg
68302f51e3a25-thumb.jpg
6830308c838c9-thumb.jpg
68303056d5ee7-thumb.jpg
683030566b3af-thumb.jpg
6830303e08c92-thumb.jpg
683030281cddb-thumb.jpg
68303011d81c7-thumb.jpg
68303010ee274-thumb.jpg
68303010a3a40-thumb.jpg
68302ff5e0eba-thumb.jpg
6830300f47301-thumb.jpg
6830300e67ea5-thumb.jpg
6830300d75891-thumb.jpg
6830308e5b341-thumb.jpg
6830308e02052-thumb.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин администрациясынын маалымат кызматы

Бишкек, 23.05.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ош шаарындагы бир катар көчөлөрдө жүрүп жаткан оңдоо, куруу иштеринин жүрүшү менен таанышты. 

Анда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берди. 

Маселен, оңдоо иштери жүрүп жаткан Р. Моминова көчөсүн реконтрукциялоо үчүн республикалык бюджеттен 195,1 млн сом бөлүнгөн. Жалпы узундугу 1,6 чакырым болгон бул жол 2025-жылы бүткөрүлөт. 

Ал эми, реконструкциялоо иштери жүрүп жаткан Волгоград көчөсүнүн узундугу 2,1 чакырым. Бул көчө да жыл аягына чейин бүткөрүлөт, анын сметалык баасы 142,2 млн сом. 

Андан соң, Ош шаарындагы Ы. Монуев жана А. Шакиров көчөлөрүнүн кесилишиндеги жаңыдан курулган эки деңгээлдүү (жер алдынан жана жер үстүнөн өтүүчү жол) жолдун курулуш иштери менен таанышты. 

Шаардын инфраструктурасын өнүктүрүү, автоунаа тыгындарынын алдын алуу, шаардын тургундарына жана конокторуна ыңгайлуу шарт түзүү максатында курулуп жаткан бул жолдун жалпы келишим баасы 269 млн сомдон ашат, жергиликтүү бюджеттен каржыланууда. Курулуштун бүткөрүлүшү үстүбүздөгү жылга карата пландалууда. 

Мындан сырткары минкаб төрагасы кеңешме өткөрүп, Ош шаарын өнүктүрүү боюнча аткарылып жаткан иштер жана пайда болгон көйгөйлүү маселелер, Сулайман-Тоо Улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин айланасындагы иштер боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

Адылбек Касымалиевдин Ош облусуна жана Ош шаарына болгон жумуш сапарынын жыйынтыгында тиешелүү жетекчилерге калктын бакубат жашоосу, өлкөнүн өнүгүшү үчүн мамлекет жетекчиси тарабынан коюлган пландардын ырааттуу аткарылышы жана алардын натыйжалуугу менен маанилүүлүгү белгиленип, тапшырмалар берилди.

Белгилей кетсек, Ош шаарында 2025-жылы республикалык бюджеттин эсебинен 11 көчө, жергиликтүү бюджеттин эсебинен 22 көчө толугу менен оңдолуп, курулуп пайдаланууга берилет.