Бишкек, 10.01.26. /Кабар/. Ош шаарындагы Мамыров жана Амир-Темур көчөлөрүнүн кесилишине айланма жол курулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматта белгиленгендей, аталган кесилиште жол кырсыктары байма-бай катталып келгендиктен, айдоочулар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарт түзүү максатында бул долбоор ишке ашырылууда.
Учурда тиешелүү мекемелер тарабынан жол жээгинде курулуш иштерине тоскоолдук жараткан айрым имараттарды бузуу жана алып салуу иштери жүргүзүлүп жатат.
Мэриядан кошумчалашкандай, Мамыров жана Амир-Темур көчөлөрү 2025-жылы толук реконструкциядан өткөрүлүп, жол кеңейтилип, асфальт төшөлгөн.