Бишкек, 30.11.25. /Кабар/. Ош облусунда саат 20:00гө 296 миң 433 шайлоочу добуш берди.
Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, бул жалпы шайлоочулардын 36,5 пайызын түзөт.
Облуста жалпы шайлоочулардын саны 811 миң 903 жаранды түзүп, 511 добуш берүү тилкеси ачылган.
Облустун аймагындагы жалпы 1000ден ашуун милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту камсыздады.
Белгилей кетсек, бүгүн Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүүдө. Өлкө боюнча 30 көп мандаттуу округ түзүлгөн. Ар бир округдан үчтөн депутат парламентке шайланып келет. Жалпысынан Жогорку Кеңеш 90 депутаттан турат. Шайлоочулардын акыркы тизмесинде 4 млн 294 миң 243 жаран бар.