Бишкек, 13.03.25. /Кабар/. Быйыл Ош облусу боюнча жалпы 81 даана 220/110/35/10-6 кВ көмөк чордон оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт.
Энергетика министрлигинен билдиришкендей, бул иштер облус боюнча электр энергиясы менен камсыздоонун сапатын жогорулатууга багытталат.
Жогорку чыңалуудагы көмөк чордондор кызматы “Түштүк” тайпасы Ош, Кара-Суу, Алай, Чоң-Алай райондорунунда жайгашкан 23 көмөк чордондо ремонт иштерин аткарат.
Ал эми Кара-Суу тайпасы тарабынан Өзгөн, Кара-Кулжа райондорунун аймагындагы 27 көмөк чордондо ремонт иштери жүргүзүлөт.
Ошондой эле Манас-Ата тайпасы тарабынан быйылкы жылы Ош, Кара-Суу, Араван, Ноокат райондорунда жайгашкан 28 көмөк чордондордо ремонт жасалат.
Муну менен катар Ош тайпасы Ноокат, Араван райондорундагы жана Ош шаарындагы 14 көмөк чордондорду оңдоп-түзөөдөн өткөрөт.
Белгилей кетсек, 2025-2026-жылдагы күз-кыш мезгилине карата пландалган иштер белгиленген графикке ылайык, ушул жылдын март айынан тарта ноябрь айына чейин жүргүзүлөт. Ремонт иштерине керектелүүчү жабдыктар “КУЭТ” ААК тарабынан каржыланат.
"Жергиликтүү тургундарга убактылуу өчүрүүлөр боюнча oshpes.kg сайтынан алдын ала маалымат берилип, оңдоо иштеринин мөөнөттөрү тууралуу кабардар кылынат",-деп айтылат маалыматта.