ОСАГО полисин албаган 1 100 айдоочуга айып пул салынды – ЖКККББ

Коом Загрузка... 23 Июль 2025 12:46
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек 23.07.25 /Кабар/. Унааларына камсыздандыруу полисин албаган 1100гө жакын айдоочуга айып пул салынды. Алардын көпчүлүгү жеке жактар. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы маалымат кызматынын жетекчиси Байказы Айтикул уулу "Кабар" агенттигине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, унааларга камсыздандыруу полисин албагандарга карата айып пул салуу 1-июлдан тартып расмий күчүнө кирген. Азыркы учурда массалык рейддик иш-чаралар жүргүзүлбөгөнү менен күнүмдүк иште унааларын камсыздандыруу боюнча полиси жокторго жеринде 3000 миң сомдон айып салынууда.

Тагыраагы жол эрежелерин бузган айдоочуларды токтотуп, тийиштүү докумменттерин текшерүү учурунда камсыздандыруу полиси кошо текшерилүүдө, ошондой эле жол кыймылынын башка эрежелерин бузуп, айып короого токтотулган унааларды кайра чыгаруу учурунда да камсыздандыруу полиси жок болсо кошумча айып пул салынууда.

"КР Укук бузуулар кодексинин 184-беренесинин 2-бөлүмүнө ылайык, камсыздандыруу полиси жок болгон айдоочуларга - жеке жактарга 3000 сом, ал эми юридикалык жактарга 13 миң сомдон айып салынууда", - деди ал.