Бишкек, 06.09.26. /Кабар/. Бишкекте өткөн VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи Кыргызстанды дүйнөгө кеңири таанытууга чоң мүмкүнчүлүк түздү. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Анын айтымында, ачылыш аземи Кыргызстанды дымактуу, өнүгүп жаткан, маданияттуу жана уюшкан өлкө катары көрсөттү.
”Иш-чараны дүйнөлүк футбол мелдештеринин жана Олимпиада оюндарынын ачылыш аземдери менен салыштырып, жогорку баа берип жатышат. Мындай баа жалпы элибиз үчүн сыймык”, — деп белгиледи Орунбеков.
Ал ошондой эле Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жыйынтыктоочу иш-чараларында да өлкөнүн маданиятын жана уюшкандыгын көрсөтүү маанилүү экенин белгилеп, жарандарды белгиленген эрежелерди сактоого чакырды.
Орунбеков Кыргызстандын ар бир жаранына тынчтык, жакшылык жана ынтымак каалады.