Бишкек, 13.10.26. /Кабар/. Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков жаштар арасында энергетикалык суусундуктарды колдонуу кеңири жайылып жатканына көңүл буруп, алардын ден соолукка тийгизген таасири тууралуу эскертти. Бул тууралуу ал Facebook`тагы өздүк баракчасына жазды.
Орунбеков көптөн бери тоого чыгуу менен алектенерин, ошол учурда спорт менен машыккан жаштардын энергетикалык суусундуктарды ичип бара жатканын көп байкай турганын жазган.
Ал мындай суусундуктарды ашыкча колдонуу жүрөктүн кагышын тездетип, кан басымды жогорулатып, уйкунун бузулушуна алып келиши мүмкүн экенин белгиледи.
Ошондой эле ата-энелерди балдарына энергетикалык суусундуктардын мүмкүн болгон зыяндары тууралуу түшүндүрүп, алардын ден соолугуна көңүл бурууга чакырды.