Орунбеков: Айтматов проспектисине тигилген дарактар бой жетип, борборго көрк берүүдө

Коом 16 октябрь 2026 11:55
853052041_122128090695024257_7812383265390995894_n.jpg
849909830_122128090995024257_2449216168058284067_n.jpg
Алдыга
Артка
853052041_122128090695024257_7812383265390995894_n.jpg
849909830_122128090995024257_2449216168058284067_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 16.10.26. /Кабар/. Бишкек шаарындагы Айтматов проспектисине отургузулган клён бактары өсүп, аймакка көрк бере баштады. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, буга чейин аталган проспектиде 50 жылдан ашык убакыт мурда тигилген теректер өсүп турган.

“Алардын айрымдары куурай баштагандыктан жана жолду кеңейтүү зарылчылыгы жаралгандыктан бактарды кыюуга туура келген. Албетте, шаарга көрк берип турган теректер кыйылганда коомчулук тарабынан сын-пикирлер айтылып, өкүнүч жаралган. Бирок алардын орду бош калган жок — көп жылдык кызыл клён бактары отургузулду. Мына эми ошол көчөттөр кадимкидей бой жетип, көркүнө чыгып келе жатат”, — деп белгиледи Дайырбек Орунбеков.

Ал кошумчалагандай, клён бактарынын айрым түрлөрү 150-200 жылдан 300 жылга чейин жашайт.

“Демек, бүгүн биз тигип, өстүрүп жаткан бактар кийинки муундарга көлөкө болуп, шаарыбызга кылымдар бою көрк берип турат”, — деди ал.