Бишкек 24.06.25 /Кабар/. Энергетика министри Таалай Ибраев Балыкчы шаарынын жанында курулуп жаткан Орто-Токой ГЭСинин курулушунун жүрүшү менен таанышты.
Ведомствонун маалыматына караганда, учурда курулуштун 60 пайызы аяктады.
Буга чейин төмөндөгүдөй иштер аткарылды:
- курулуш объектилерине убактылуу жана туруктуу жолдор курулду;
- куруучулардын шаарчасы, материал сактоочу кампалар, бетон аралаштыруучу түйүндөр, компенсациялык блоктор жана электр камсыздоо объектилери толук аяктады;
- узундугу 928 метрди түзгөн деривациялык туннели казылды;
- алуучу каналдын задвижкалары жеткирилип, орнотулду;
- ар бир гидроагрегат үчүн бирден болуп, үч соордургуч түтүктүн конустары орнотулду.
Ал эми учурда бекитилген графикке ылайык, төмөндөгүдөй иштер жүрүүдө:
- оперативдик башкаруу бөлмөсү, монтаж бөлмөсү жана 10 кВ бөлүштүрүүчү түзүлүштү арматуралоо жана калып иштер жүргүзүлүүдө;
- туннелдин темир тосмолору орнотулууда;
- 110/10 кВ көмөк чордонун куруу боюнча бардык уруксат кагаздары алынган, курулушка даярдык көрүлүүдө;
- 110 кВ аба чубалгылары боюнча Балыкчы шаарынын мэриясы менен жер тилкесин бөлүү маселеси макулдашылууда.
Министр Ибраев иштердин графикке ылайык жүрүшүн камсыз кылуунун маанилүүлүгүн белгилеп, өзгөчө коопсуздук техникасынын эрежелерин сактоого, айрыкча жүк көтөрүүчү техникаларды колдонууда коопсуздук эрежелерин сактоого өзгөчө көңүл буруу керектигин айтты.
Маалымат үчүн: Орто-Токой ГЭСинин курулушуна расмий түрдө 2024-жылдын 29-июнунда капсула салынган. Станциянын пландалган кубаттуулугу — 21 МВт. Жалпы курулуш иштери болжол менен 60 пайызга аткарылды, курулушту бүтүрүү мөөнөтү – 24 ай.
Орто-Токой ГЭСи ишке берилгенден кийин Балыкчы шаарынын 14 миңден ашуун абонентин электр энергиясы менен камсыз кыла алат. Курулушу 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында толугу менен аяктайт деп пландалууда.