Орто-Токой ГЭСин куруу иштери 65 пайызга аяктады

Аймак 29 Июль 2025 13:10
7bc0fc0f-7373-49bf-9864-37b0158dbcc1.jpeg
fca0c041-6fd6-42f6-ac22-537bbfb9ef61.jpeg
cce0feb0-d8d5-4c75-9478-d9484a6c9239.jpeg
17086a10-8e25-4b1d-99fe-7d338e677878.jpeg
9a840567-3e23-4259-b7a5-e41c5533c06c.jpeg
6cec7255-fc52-44cd-9aa0-9699bc14a07a.jpeg
4a2ee176-c7da-4d8b-860d-222154e1491f.jpeg
0fbf7d1f-f5e3-45ff-806f-e25282b13697.jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 29.07.25. /Кабар/. Орто-Токой ГЭСин куруу иштери 65 пайызга аяктады. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мында иштер бекитилген графикке ылайык жүргүзүлүп жатат. Бүгүнкү күнгө карата төмөнкү жумуштар аткарылды:

  • курулуш объектилерине убактылуу жана туруктуу жолдор курулду;
  • уруучулардын шаарчасы, материал сактоочу кампалар, бетон аралаштыруучу түйүндөр, компенсациялык блоктор жана электр камсыздоо объектилери толук аяктады;
  • ар бир гидроагрегат үчүн үч соордургуч түтүктүн конустары монтаждалды;
  • суу алуу каналдарынын куруу иштери маалына көтөрүү жөндөмдүлүгү 10 тонна болгон курулуш краны (козловой кран) орнотулду;
  • узундугу 928 метрди түзгөн деривациялык туннель казылды.

Учурда адистер казылган 928 метр тоннелге арматура чатып, бетон куюу жумуштарын аткарууда. Ошондой эле гидроагрегаттардын спиралдык камераларын орнотуу үчүн чогултуу жана монтаждоо иштери жасалууда.

Курулуш иштери болжол менен 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында толугу менен аяктайт деп пландалууда.

Маалымат үчүн: Орто-Токой ГЭСинин мезгил капсуласын салуу аземи 2024-жылдын 29-июнунда өткөн. Станциянын пландалган кубаттуулугу — 21 МВт. Орто-Токой ГЭСи ишке берилгенден кийин Балыкчы шаарынын 14 миңден ашуун абонентин электр энергиясы менен камсыз кыла алат.