Бишкек, 19.03.26. /Кабар/. Палестинанын президенти Махмуд Аббас президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады.
“Орозо майрамына карата сизге эң жылуу боордоштук куттуктоолорубузду жолдойбуз. Жараткан Сизге ден соолук жана бакыт, ал эми Кыргызстанга, анын элине жана өкмөтүнө мындан аркы прогрессти жана гүлдөп-өсүүнү насип кылсын.
Ошондой эле биздин өлкөлөрдө жана жер жүзүндө – коопсуздук, тынчтык жана туруктуулук болсун”, - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.