Быйыл Кыргызстанда Орозо айт майрамы бүгүн, 20-мартта белгиленүүдө. Орозо айт менен Курман айт мусулмандардын эң чоң эки майрамы болуп саналат. Рамазан айындагы бул майрамды адамдар руханий тазалануу, сабырдуулукка жана жакшылыкка умтулуу катары белгилешет.
Адамдар Орозо айында жасаган бардык жакшы амалдарына, ийгиликтерине кубанып, айт майрамын майрамдашарын "Кабар" агенттигине Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын фатва бөлүмүнүн башчысы Абибилла Кадырбердиев билдирди.
Анын айтымында, майрамдын маанисин арттырган нерсе — мусулмандар бир ай бою орозо кармап, таравих намаздарын окуп, кайрымдуулук иштерин жасоо менен Жаратканга жакындап, колунан келген бардык амалдарды аткарышкандыгында.
“Алар эми мына ушул ийгиликтерине кубанып, Орозо айтты майрамдашат. Айт майрамында мусулмандар кубануу менен жакындарына белектерин берип, бири-бирин куттуктоолору керек. Дасторконго түрдүү тамак-аштар коюлуп, айттап келгендер ал үйдөн даам ооз тийишет. Араздашкандар бирин-бири кечиришип, туугандардын, кошуналардын үйүнө кирип даам ооз тийүү — бул ортодогу биримдиктин, ынтымактын белгиси. Айттап келдик деген сөз майрамдап келдик дегенди туюндурат”, — дейт муфтияттын өкүлү.

Маалым болгондой, “ийд” (айт) араб тилинен кыргыз тилине түзмө-түз “майрам”, “салтанат” деп которулат. Орозо айт майрамы эртең менен айт намазы менен башталып, шарият бул күнү орозо кармоого тыюу салат.
“Айт намазы милдеттүү түрдө белгиленген, жума намазын окууга уруксат берилген жайларда, мечиттерде окулат. Бул намаз мусулман баласы бир кубанычка, ийгиликке жеткенде шүгүрчүлүк билдирүү үчүн окулат. Айт намазынан кийин адамдар бири-бирин куттуктап, жакшы каалоо-тилектерин айтуу менен үйлөргө айттап кирип, даам сызышат”, — деди ал.
Рамазан айынын аякташын билдирген Орозо айт бир күн майрамдалат. Бул күндү орозо кармаган адамдарга сыйлык катары берилген майрам катары карасак да болот. Кыргызстанда бул күн дем алыш деп жарыяланган.
Айт күнүнө чейин битир-садага берилиши шарт. Битир-садаганы ар бир адам муфтият белгилеген баалардын каалаганын тандап, өз ыктыяры менен жан башына бере алат. Себеби Рамазан айы — боорукерликке, кайрымдуулукка жана биримдикке чакырган ыйык ай.