Бишкек, 04.06.26 /Кабар/. Азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө мыйзамга ылайык, азык-түлүк менен камсыздоо деңгээли 80 пайыздан ашса, өлкө өзүн-өзү камсыз кылууга жетишти деп саналат. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы Уран Чекирбаев “Кабар” агенттигине билдирди.
Учурда өлкө өзүн-өзү камсыздап жаткан 6 продукциянын быйылкы жылдын январь-апрель айларына карата пайыздык көрсөткүчтөрү төмөндөгүдөй:
- Картошка 157,6%;
- Жашылча жана бакча өсүмдүктөрү 147,4%;
- Эт 72,2%;
- Сүт 107,8%;
- Кум шекер 94%;
- Жумуртка 79,8%.
Ошондой эле пайыздык көрсөткүчтөр жыл мезгилдерге жараша өзгөрүлүп турат.
Чекирбаев кошумчалагандай, азык-түлүк коопсуздугуна негизинен сырткы жана ички факторлор таасир этүүдө.
“Алардын катарында геосаясий, макроэкономикалык, анын ичинде инфляция, дүйнөдө баалардын өсүшү, глобалдык жылуулуктан улам температура жогорулап, деградацияга алып келүү коркунучу бар. Министрлик бул тобокелдиктерди эске алуу менен атайын программаларды иштеп чыгууда”, - деди ал.