Элмирбек Иманалиевдин туулган күнүнө карата
Эссе
Акындарды «жаман» деп,
Кепти кайдан табасың?
(Токтогул Сатылганов)
Эл акыны Элмирбек Иманалиев көзү тирүү болуп, калк арасында жүргөндө бүгүн 48 жашка толуп, мүчөлү жаш курагын өткөрмөк экен. Аттиң, шум ажал агабызды арабыздан алып кеткенине арадан билинбей 6 жыл өтүп кетиптир. Чоң нерсе алыстан көрүнөт демекчи, элдин сүймөнчүлүгүнө айланган акынды улам барган сайын көп эстеп, ырларын кайра-кайра угуп, жоктоп келебиз. Эмесе, бүгүн Элмирбек акынды эки ооз сөз менен эскере кетпесек болбос.
Даңазалуу түрк жазуучусу Орхан Памук “эгер Бейиш бакчасы Эдемди сүрөттөй албай жатсаң, анда ага болгон өзүңдүн мамилеңди/сезимиңди сүрөттө” деп жазат. Анын сыңарындай, Элмирбек акындын феноменин толук сүрөттөп берүү кандай калемгердин болбосун колунан толук келе бербесе керек. Элдин өзгөчө сүймөнчүлүгүнө айланган өнөр адамы тууралуу жазыш жөнөкөйгө турбаган маселе, анткени ал ар бир күйөрманынын жүрөгүнөн түнөк тапкан инсан. Ар бир төкмөлүк өнөрдү сүйүүчүнүн ички дүйнөсүндө өзүнүн жеке Элмирбеги бар.
Ошондуктан ал киши жөнүндө кандай жазбагын, баары бир “жок, Элмирбек андай эмес мындай эле, анын орду тигиндей эле” дегендер чыкса керек.
Элмирбек Иманалиевдин феноменин толук ачып берүү менин максатым эмес. Мен жөн гана өзүмө болгон Элмирбек акындын таасири жана анын эгемендик учурдагы кыргыз маданиятына болгон салымы тууралуу жеке оюм менен бөлүшкүм келет. Андыктан, менин жазганым объективдүү изилдөө эмес, тескерисинче, ал субъективдүү көз карашты чагылдырат.
Юкио Мисима “Хагакурэ Нюмон” деген эмгегинде Ямамото Цунэтомонун “Хагакурэ” аттуу китебин комментарийлеп жатып адам дүйнөлүк маданиятка канчалык деңгээлде сүңгүп кирбесин, ал айланып отуруп, кезеги келгенде, баары бир өз элинин маданиятына кайра кайтып келээрин айтат. Ошол сымал жеке менин кыргыз кыртышына кайрылып келүүмө себеп болгон Калыгул Бай уулу, Молдо Нияз, Тоголок Молдо, Токтогул Сатылганов, Карамолдо Орозов, Белек Солтоноев, Саякбай Каралаев, Казыбек казалчы (Мамбетимин уулу), Түгөлбай Сыдыкбеков, Төлөгөн Касымбеков, Ашым Жакыпбеков, Мелис Убукеев, Балбай Алагушов, Кубатбек Жусубалиев, Белек Кошоев, Рамис Рыскулов сыяктуу адамдардын катарында Элмирбек Иманалиев жана анын мурасы турат.
1990-жылдар биздин коомдун кай бир өкүлдөрү үчүн трагедия болсо, анын башка бир бөлүгү үчүн СССРдин капасынан боштондукка чыккан учур. Жеке менин түшүнүгүмдө, элибиз кандай гана оорчулук күндөрдү башынан өткөргөн болбосун, ал жылдар көптөн күткөн эгемендикке акыры ээ болуп, өз байрагыбыз желбиреп, мамлекетибиз түптөлө баштап, эл катары өз тагдырыбызды өзүбүз чече турганга шарт түзүлгөн мезгил. Эл үчүн мындан өткөн бакыт болбосо керек. Дүйнөдө андай бакытка жетпей, өз мамлекети жок, өзүнө өзү ээ боло албай карайлап жүргөн элдер канча?! Биздин коомдо ошону аңдабаган манкурттар жетиштүү! Күнөсканада жашабай, “ачык космоско”, кенен мейкиндикке чыгуудан өткөн жыргалчылык болобу?!
Бирок, ошо эгемендик деген, көрсө, элге берилген чоң сыноо болот турбайбы. Элдин эмнеге жөндөмдүү экени ошондо айгинеленет экен. Айкындык учуру (орус. - момент истины) келген мезгил. Мындай абалды англиялык улуу тарыхчы Арнольд Жозеф Тойнби “сыноо-жооп” деп атаган. Анын концепциясы боюнча, тарых ар бир элге мезгил сайын “сыноо” жөнөтүп турат, ага кандай “жооп” кайтарылса, ал элди ошого ылайык келечек күтөт. «Берген — алат, эккен — орот» демекчи, бул кадимки эле Гамлеттин “болуу же болбоо” маселеси.
Так ошол эгемендик жылдары, оор заманда, биз да чамабызга жараша тарыхый сыноолорго “жооп” кайтарып жаттык. Эзелтен келаткан маданиятыбыз өз алдынча өнүгөбү, же чабал болуп калабы? - деген суроо пайда болду. Анын ичинде 80-жылдардын аяк ченинен эле келаткан салттуу маданиятыбыз болгон төкмөлүк өнөрү сакталып калабы же жокбу деген көйгөй жаралды. Акыркы могикандар делген улуу төрт акыныбыз Эстебес, Ашыраалы, Тууганбай, Замирбектердин аркасынан улуу өнөрдүн көчүн улап кетчүлөр чыгабы, же төкмөлүк алар менен кошо жок болуп кетеби деген коркунучтуу суроого жооп адегенде жок эле. Ошондо алп акындарыбыз үмүт үзбөй, жаш таланттарды жер-жерлерден издеп таап, мектеп түптөгөнгө жетишип калышты. Ал эмгектери үчүн, албетте, кыргыз эли залкарларыбызга таазим кылышыбыз абзел.
Мына ошондо Амантай (“Сары кашка” акын), анын аркасынан Шекербек, Жеңишбек (“автомат” акын), Элмирбек аттуу ысымдар пайда болуп, жаш акындардын жылдызы жарк этип жанып чыкты. Аларды коштоп төкмөлүк өнөрдү сактап калуу, пропагандалоо, кайрадан элге жайылтуу миссиясын бийик деңгээлде аткарган “Айтыш” республикалык коомдук фондунун маданиятыбызга кошкон эбегейсиз салымын айтпай коюу мүмкүн эмес. Садык Шер-Нияз агайыбыз жараткан аянтча кыргыз өнөрүн кой, казактын төкмөлүк өнөрүн кошо кайрадан жандантып кетти. Аны менен бирге айтыш өнөрү жалпы эле түрк тилдүү элдеринин заманбап маданиятында өзгөчө жана татыктуу оорун ээлегенге жетишти.
Амантай Кутманалиев, Шекербек Адылов, Жеңишбек Жумакадыр, Элмирбек Иманалиев агаларыбыздын жолун Аалы Туткучев, Азамат Болгонбаев өңдүү акындарыбыз улап кетти. Ошентип тээ илгертен келаткан кыргыздын улуу өнөрү өлбөй калды.
Ырчылык өнөрдүн үлгүсү катары айтылып калган Токтогул ырчы (айрым булактар боюнча 14-15 кылымдарда жашап өткөн) кыргыздын акындык өнөрү үчүн архетиптик фигурага айланган. Анын кийинки замандагы акындыктын башаты экенин “Толубайдай сынчы бол, Токтогулдай ырчы бол” деген эл оозунда калган сөз ырастайт. Ал тургай легендарлуу Ырамандын Ырчы уулунан кийин жалпы адамзатынын тарыхындагы туңгуюк болгон Орто кылымдар доорунда унутта калып бара жаткан “Манасты” кайрадан баш-аягын жыйнап, реконструкциялап, биз билгендей бүтүн улуу эпос катары биринчи айтып чыккан делет. Бул тууралуу Тоголок Молдо:
“Ырамандын Ырчы уул –
Жомокчунун башчысы.
Баарын тизген Токтогул –
Бул жомоктун ачкычы” – деп жазган.
Демек, кыргыздын акындык өнөрү үчүн Токтогул ырчы - негизги (фундаменталдык) фигура. Кийинки (19-20-21-кылымдардагы) бизге белгилүү болгон акындардын баардыгы анын уясынан учуп чыгып кыргыз өнөрүнүн көчүн улагандар: Бекмурат Кумар уулу (Балык Ооз), Музооке Жаманкара уулу, Айтыке Козубек уулу, Арстанбек Буйлаш уулу, Чоңду Койчуман уулу, Эсенаман Жалгаш уулу, Сартбай Бөлөкбай уулу, Нурмолдо Наркул уулу, Туяк Эрназар уулу, Өтө Көкө уулу (Жеңижок), Токтогул Сатылганов, Кудайберген Өмүрзак уулу (Куйручук), Эшмамбет Байсеит уулу, Калык Акиев, Молдобасан Мусулманкулов, Умөтаалы Эсенаман уулу, Барпы Алыкулов, Алымкул Үсөнбаев, Осмонкул Бөлөбалаев, Коргоол Досуев, Ысмайыл Борончиев, Токтосун Тыныбеков, Ашыраалы Айталиев, Эстебес Турсуналиев, Тууганбай Абдиев, Замирбек Үсөнбаев.
Эгемендик доорунун акындарынын ичинен Элмирбек Иманалиев өзүнүн харизмасы, улуттук нарк-насилди өзүнө камтыган касиети менен жаңы доордун жарчысы сыяктанып айрымаланып турду. Өткөн заман менен азыркынын байланышын үзбөй, аларды бириктирген көпүрөө болуп калды. Ошол себептен улам Элмирбекти муруңкудан кийинкиге калган белек, эгемен доорубуздун маданиятынын туу чокуларынын бири десек жаңылышпасак керек.
Кезинде Иса пайгамбар Рухту шамалга салыштырып: “Рух каалаган жерде согот, анын үнүн тыңдайсың, бирок анын кайдан келгенин жана кайда кеткенин айта албайсың. Рухтан төрөлгөндөрдүн баары ошондой”, - деп бекеринен айтпаса керек. Ошол сымаал, биздин залкар акыныбыз Элмирбек Иманалиев, кайыптан бүткөнсүп, акындардын сырттаны эле, өзгөчө жан эле.
Элмирбек төкмөлүк менен катар дастанчылык, санатчылык өнөрлөрүн аркаласа, андан сырткары бийиктиги жана тереңдиги жагынан алдына киши салбаган лирик да болгон. Анын обондору музыка дүйнөсүндө кайталангыс шедевр чыгармалар болуп калды. Музасынын касиети күчтү акын болгону дароо эле байкалып турат. Он алты жаш курагында жазган “Мунарымынан” тарта “Коштошуу вальсына” дейре не деген керемет ырларды жарата алган. Манасчылык өнөрүн да билгендер көп айтып келишет.
Көрсө, агабыз Ала-Тоонун ары жагында да, бери жагында да теңдеши жок талант болчу тура.
20-кылымда массалык маданиятта орустардын символу болуп калган Владимир Высоцкий, же америкалыктардын символу болуп калган Элвис Пресли сыяктуу Элмирбек агабыз кырчындай кырк эки жаш курагында дүйнөдөн өтүп кетти. Бирок агабыз аз жашаса да саз жашап, аркасынан Асылбек Маратов, Улукбек Токтоболот уулу, Акматбек Султан уулу, Болот Назаров өңдөнгөн чыгаан шакирттерин тарбиялаганга жетишти. Майра Керим кызы эжебиздин да артын бош калтырбай Нурайым Бактияр кызы, Аккыз Абазбековалардай таланттуу кыздарыбызды чоң өнөргө жетеледи.
Элмирбек агайыбыз кыргыздын өчпөй калып, жалындап күйүп, күлдөн кайра жаралган Феникс кушундай салттуу маданиятыбыздын 21-кылымдагы символуна айланды. Ал Каныкей апабыз алтымыш асый Тайторуну чапкандай тобокел кылып кийинки муунга тизгинди сунду. Алар болсо устатынын мүдөөсүн аткарып, арышты кенен таштап келе жатышат...
Улук Уракунов